Бишкекте кесиптик кошуун өкүлдөрүнүн митинги өтүүдө

12 ноября 2020 Бишкекте кесиптик кошуун өкүлдөрүнүн митинги өтүүдө

Бишкекте Кесиптик кошуундар федерациясынын өкүлдөрүнүн нааразылык акциясы өтүп жатат. Бул тууралуу 12-ноябрда  Курулуш өнөр жайчылар кесиптик кошуунунун төрагасы Элдияр Карачалов билдирди. Анын айтымында, федерациянын имаратында чогулгандар Өкмөт үйүнүн алдына чейин барып, жөө жүрүш уюштурушат.

«Кесиптик кошуундар жөнүндө» жаңы мыйзамга каршы акция буга чейин бир нече жолу өткөн. Анын катышуучулары мыйзамдын долбоору парламентте регламентти бузуу менен каралып жатканын, эгер кабыл алынса кесиптик кошуундардын мүлкүн рейдерлик жол менен басып алууга жол ачыларын, федерация ыдырап жок болорун айтып жатышат.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кенештин тогуз депутаты иштеп чыккан. Быйыл 5-ноябрда парламент аны экинчи окууда кабыл алган.

Авторлордун бири, депутат Мирлан Бакиров долбоорду кабыл алууда регламент бузулбаганын айтып, кесиптик кошуундардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу азыркы мыйзамдын Конституцияга жана Эмгек кодексине каршы келген жерлери бар экенин, профсоюздарда мүлк талаш жана башка чырлар дээрлик 30 жылдан бери токтобой келе жатканын билдирген.

azattyk