Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус пандемиясы учурунда медициналык каражаттарды сатып алууда коррупциялык фактыларга жол берген. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
26 марта 2021Премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстанга жумушчу сапары менен барып Жизак районунун Манас айылында жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен Ташкент шаарында жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
26 марта 2021"1-апрель күнү төртүнчү чейрек башталат. Биз аны үчүнчү чейректегидей эле режимде баштоону пландап жатабыз. Тагыраагы, жети класс (1, 2, 3, 4, 5, 9 жана 11-класстар) мектепке келип окушат. Калган төрт класс мурдагыдай эле онлайн-режимде окуй турсун деп жатабыз", — деди ал.
26 марта 2021"Тактап кетчү жагдай, биз кезектеги локдаун жөнүндө сөз кылган жокпуз. Кошумча текшерүү иш-чаралары тууралуу айтып жатабыз. Бардыгыбыздын каалообуз коронавирусту токтотуу, бул үчүн этап менен ишке аша турган пландарыбыз бар. Бирок бизнес менен мектептерди жабуу максатыбыз жок. Эпидемиялык кырдаалга карайбыз", — деди Чыныбаева.
26 марта 2021Эске салсак, 23-март күнү Ош шаарынын Көкүм бий көчөсүнөн октон жаракат алган эркек кишинин сөөгү табылган. Маркум шаардагы №44 мектептин информатика мугалими экендиги, кечкисин таксист болуп иштеп жүргөнү белгилүү болгон. Каза болгон адамдын төш тарабына чачма ок тийгендиги айтылган.
26 марта 2021Бул кишинин тагдыры бала чагынан эле тайкы болуп, көп азап көргөн. Ошол себептен "балдарым мен көргөндү көрбөшү керек" деп катуу эмгектенип, алдыга умтулуп, өзүн-өзү тарбиялаган да. Бир нерсени жасаганда майын чыгара жасачу. Башынан эле комузга кызыкчу экен. Алгач эле музыкалык училищеге келип, көптөгөн кыйынчылыктарды көрөт. Аны менен бирге ошол убакта жакшы адамдар жатакана, дагы башка жагынан жардам беришиптир. Ал кезде орус, кыргызына карабай элдин пейили жакшы экен да. Кыскасы, кудай насип кылып, өнөргө аралашып калган экен.
26 марта 2021Пандемия менен күрөшүүгө АКШ бийлиги ири суммадагы акча короткону маалым, бюджетте акча жок болгондуктан каражат тартууга туура келди. Натыйжада мамлекеттик карыз 28 триллион долларды чапчыды, бул АКШнын ИДПсынан көп сумма. Ушунча карыз алууга мүмкүнбү жана мунун кесепети кандай болот? Бул жагдайдын чоо-жайына РИА Новости сереп салды.
26 марта 2021"Былтыр өткөн тендер боюнча каражаттын жоктугунан улам ала албай калдык. Азыр кошумча каражат издеп, Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы менен сүйлөшүп жатабыз. Быйыл жыл соңуна чейин алып калабыз деген ойдобуз", — деди вице-мэр.
26 марта 2021Бүгүн парламентте Жогорку Кеңештин депутаттарын преференциалдык система менен шайлоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Сулайманов демилгелеген мыйзам долбоорун жөнөкөй тил менен түшүндүрүү үчүн алманы мисалы келтирди.
26 марта 2021Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Тажикстанда балдардын шал (полиомиелит) оорусу чыкканын жарыялаган. Уюмдун адистери абалды экинчи деңгээлдеги өзгөчө кырдаал катары баалашкан.
26 марта 2021Парламенттин жыйынында президенттин ЖКдагы өкүлү Анарбек Калматов менен депутат Мирлан Жээнчороев айтыша кетти. Жогорку Кеңештин депутаттарын преференциалдык система менен шайлоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралып бүткөндөн кийин Калматов сөз алды.
26 марта 2021"Манас" эл аралык аэропорту" ААКсы Кыргызстандан бир нече багыттар боюнча авиабилеттердин баасы эмнеге өсүп кеткенин айтып берди.
26 марта 2021Коронавируска каршы эмдөөнү алгач өкмөт башчыдан, министрден жана депутаттардан баштоо керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов билдирди.
26 марта 2021Эскерте кетсек, республикада вакцинация 29-мартта башталып, алгач Бишкек, Ош шаарлары менен Чүй облусунда жүрөт. Бул үчүн Кытайдан SinoPharm вакцинасынын 150 миң дозасы алып келинген. Бул 75 миң кишиге жетет.
26 марта 2021Президент Садыр Жапаровго коронавирус инфекциясына каршы вакцина сайдыруунун кажети жок. Мындай пикирин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
26 марта 2021Былтыр күздөгү парламенттик шайлоодо партиянын алдыңкы 20 орунун ээлөө үчүн миллион доллардан беришкен. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев парламенттин жыйынында билдирди.
26 марта 2021Кыргызстандын аймактарында 26-30-март күндөрү мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти. Маалыматка караганда, 29-30-мартта тоо этектеринде жаан карга айланат.
25 марта 2021Премьер-министр Улукбек Марипов жумушчу сапары менен Ташкентке барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, Марипов Ташкентте 25-26-март күндөрү болот.
25 марта 2021Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Олимпиада оюндарына даярданып жаткан спортчуларга каражат бөлүнбөй жатканына нааразы болду. Анын айтымында, өлкөнүн Олимпиадалык командасына 105 миллион сом каралса, бүгүнкү күндө анын 16 миллиону гана бөлүнгөн.
25 марта 2021Жапаров жакында берген маектеринин биринде кеңешчиси менен маалымат катчысы аны аябастыгын, эс алдырбай, бир да мүнөтүн бош койбой тургандыгын айткан эле.
25 марта 2021Бүгүн эски аянтка 100дөй адам чогулган. Алар премьер-министр Улукбек Мариповдун Бишкектин четиндеги ТЭЦ-2 ишке кире турган болсо 400дөй үй-бүлө көчүрүлөт деген сөзүнө нааразычылыгын билдирип, жерди мыйзамдаштырып берүү өтүнүчү менен президентке жолугушууга келишкен. Митингчилердин айтымында, өкмөт көптөн бери жерлерди мыйзамдаштыруу убадасын берип келет, бирок чечим чыга элек.
25 марта 2021Россиянын Мамлекеттик Думасы мигранттарды манжа издерин тапшырууга милдеттендирген мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул тууралуу РФ парламентинин маалымат кызматы кабарлады.
25 марта 2021Митингчилердин алдына өкмөттүн аппаратынын өнөр жай, энергетика жана тоо-кен тармагы боюнча бөлүм башчысы Сүйүнтбек Аликеев чыкты. Эл менен сүйлөшүү учурунда ага "байке, тамекиңизди өчүрүп койбойсузбу" деп кайрылышты. Аткаминер буга чейин ыргыткан тамекисин өчүрүп, жерден алып койду.
25 марта 2021Жогорку Кеңештин депутаты Акыл Кемелов окуу жайларына тиешелүү жерге ректор, директорлор өзүнө хан сарай салып алганын билдирди. Эл өкүлү мындай фактылар көп экенин белгилеп, эки окуу жайды мисал келтирди.
25 марта 2021Өкмөт үйүнүн алдында Ак-Ордо, ТЭЦ-2 жаңы конуштарынын жер тилкелерин мыйзамдаштырууну талап кылган адамдар митинг өткөрүп жатат. Чогулган эл мындай өтүнүч менен президент Садыр Жапаровго жолугууну көздөөдө. Алардын айтымында, митингчилер жашаган бул жерлер 16 жылдан бери мыйзамдашпай келет.
25 марта 2021Депутат Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңештин депутаттарын преференциалдык система менен шайлоо боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын демилгеси бүгүн парламенттин жалпы жыйынынын күн тартибине киргизилип, биринчи окууда каралары күтүлүүдө.
25 марта 2021Үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде Кыргызстан мусулмандарынын кезектеги VII курултайы өтөт. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүгө ылайык, бул күнү муфтий кызмат ордуна, Аалымдар кеңешине жана Борбордук текшерүү комитетине өкүлдөр шайланат.
25 марта 2021Түндө Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында үй өрттөнүп, анын кесепетинен 62 жаштагы киши каза болгон. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
25 марта 2021Саламаттык сактоо министринин орун басарлары Мадамин Каратаев менен Нурболот Үсөнбаев кызматтан алынышканы тууралуу маалыматты аталган министрлик тастыктады.
25 марта 2021Ушул тапта Ош шаары менен Чүй облусундагы эмдөө пунктуларында вакциналар даярдалып жатат. Ошондой эле Иммунизация боюнча илимий-техникалык топтун адистери вакцинага документтерди камдап жатканы айтылды.
25 марта 2021АКШ тургуну сейрек оору менен төрөлгөн. Бирок мүңкүрөп калбай өзгөчө шыгы менен социалдык тармактарда белгилүү болууга жетишти.
25 марта 2021Балалуу болууну пландаган жубайларга коронавируска каршы вакцина алуу сунушталат. Бул тууралуу Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин аялдардын ден соолугу боюнча башкы адиси Наталия Долгушинага шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.
25 марта 2021Былтыр Ат-Башыдан Бишкекке чуркап келген жөө күлүк Оболбек Осмонбеков 450 чакырымды багынткан. Бүгүн-эртең Бишкектен ордолуу Ош шаарына чуркоо алдында турган спортчуну кепке тарттык.
25 марта 2021Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров 18-февралда кол койгон. Жалпысынан 1 378 адам ырайым сурап кайрылса, алардын ичинен 1 133 адамдын өтүнүчү четке кагылган.
25 марта 2021