Кыргызстанда коронавируска каршы биринчи ким эмделери белгилүү болду

26 марта 2021 Кыргызстанда коронавируска каршы биринчи ким эмделери белгилүү болду

Кыргызстанда коронавируска каршы биринчилерден болуп саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделет. Бул тууралуу маалыматты министр өзү тастыктады.

Эскерте кетсек, республикада вакцинация 29-мартта башталып, алгач Бишкек, Ош шаарлары менен Чүй облусунда жүрөт. Бул үчүн Кытайдан SinoPharm вакцинасынын 150 миң дозасы алып келинген. Бул 75 миң кишиге жетет.

"Дүйшөмбү күнү саат 09.00дө вакцина сайдырам. Коронавирус менен ооруган эмесмин, антитело жок", — деди министр.

Вакцинациянын биринчи этабында кызыл зонада жана бейтапканаларда иштеген медиктер, тез жардам дарыгерлери, социалдык кызматкерлер, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү эмделмекчи.

Вакцина төмөнкү даректерде жасалат:

  • Бишкек шаарында алгачкы беш пункт төрт Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунда жана №7 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда;
  • Чүйдө Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда;
  • Ошто №8 жана №10 Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда.


sputnik