Бала өспүрүм куракка келгенде эмне себептен ата-энесине ит кыялын көрсөтүп калат жана мындай учурда үйдөгүлөр ага кандай мамиле кылышы керек. Бул боюнча РИА Новости агенттигине берген маегинде психолог жана педагог Катерина Демина айтып берди.
"Бала кайсы бир учурда ата-энесин жаман көрүп, алардан бошонгусу келип калат. Психология илиминде бул процессти сепарация же бөлүнүп чыгуу деп коет. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бала ата-энесинен индивид катары бөлүнүп, өзүнчө калыптана баштайт", — деди адис.
Психологдун айтымында, мындай учурда ата-эненин негизги катачылыгы — өзүн-өзү жек көрүп же балага таарынуусу.
"Башкача айтканда, балам эмне себептен мени жаман көрөт деп бушайман болот. Айрымдар өзүн күнөөлөп, жаман атамын, жаман энемин, туура эмес тарбия бердим деп кыйналышат. Анын ордуна баланы жайына коюп, сырттан гана байкоо салып туруш керек", — деди Демина.
Адис түшүндүргөндөй, бала "сыртка" чыгып башка адамдарды, жашоонун күнгөй-тескейин көргөн соң өз жолун табат. Ошондон тарта ата-энесине жөн гана жакшы көрүү сезими эмес, сый-урмат дагы пайда болот.
Мындай жолдон ар бир киши өз алдынча өтүп, адам катары калыптанышы керек. Андыктан психолог ата-энелерге баланын өспүрүм кездеги "албууттугун" колдон келишинче жеңил кабыл алууга чакырат.