УКМК Саламаттык сактоо министрлигиндеги ири коррупциялык ишти аныктады

26 марта 2021 УКМК Саламаттык сактоо министрлигиндеги ири коррупциялык ишти аныктады

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус пандемиясы учурунда медициналык каражаттарды сатып алууда коррупциялык фактыларга жол берген. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, министрлик өткөн жылдын май айында эл аралык гранттар жана насыя каражаттары аркылуу 1,8 миллион доллрага желдеткич аппараттарын сатып алууда бааларды негизсиз жогорулаткан.

"1,8 миллион долларга алынган 67 жасалма желдеткич аппараттын базар баасы 600 миң долларды түзгөн. Анын ичинен ар бири 30 миң доллардан сатып алынган 40 даана жетдеткичтин баасы Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин маалымат базасы боюнча 7900 долларын түзгөн", — деп жазылат маалыматта.

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан күз мезгилинде желдеткич апараттарын сатып алууда дагы коррупциялык фактыларга жол берилгени аныкталган.

Өткөн жылдын сентябрь айында аталган министрлик ар биринин баасы 25 миң доллар болгон 27 даана балдарга ылайык жасалма желдеткич аппараттарын сатып алган, бирок алардын базар баасы 10 миң доллардан ашпаган суммада болгон", — деп жазылат УКМКнын маалыматтында.

Ушундай эле көрүнүш медициналык мекемелерге концентратор жана функционалдык керебеттерди жеткирүүдө бар экени кошумчаланды. Жогорудагы фактылар боюнча Жазык кодексинин 319-беренесинин ("Коррупция") менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

sputnik