Жыл сайын 24-мартта Эл аралык кургак учук менен күрөшүү күнү белгиленип келет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдиргенине караганда, кургак учук ажал чакырган он оорунун катарына кирет.
25 марта 2021Финансы полициясынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеевге "Финансы полициясынын генерал-майору" наамы президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен ыйгарылган. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
25 марта 2021Премьер-министр Улукбек Марипов Жумгал районуна барып, эл менен жолукту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Анын айтымында, Куйручук айылына келип токтогон өкмөт башчы Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолун талкуулаган.
25 марта 2021Окуя Индиянын Сурьяпете шаарында кабадди боюнча улуттук чемпионаттын ачылышында болгон. Оюн башталгандан бир нече мүнөт өткөн соң трибуна кулап кеткен.
25 марта 2021"Талапкерлердин документтерин кабыл алуу аяктады. Учурда Ош облусундагы район акимдери менен орун басарлары аттестациядан өтүп жатат. Бул иш аяктагандан кийин Кара-Суу менен Ноокат райондорунун акимчилик кызматына талапкерлигин койгондорго тестирлөө уюштурулат", — деди Маматалиев.
24 марта 2021Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли былтыркыга салыштырмалуу 3 миллиард кубга азайып, кооптуу чекке жетти. Бул туурасында энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев парламенттин жыйынында билдирди.
24 марта 2021Өлкөдө коронавируска каршы эмдөөдөн кийин күтүүсүз окуялар болсо кандай аракеттер көрүлөрү, жоопкерчилик кимге жүктөлөрү өкмөттүк деңгээлде каралып жатат. Бул тууралуу Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.
24 марта 2021Маалыматта аларга карата Үргөнч шаардык соту иш козгоп, үчөө майда бейбаштык боюнча 15 суткага административдик камакка алынганы айтылат. Ал эми калгандары 1,225 миллион сумдук (116 доллар) айыпка жыгылган.
24 марта 2021"Мындай чечимге Бабановдун аракеттеринде мамлекеттин, ошондой эле жарандардын кызыкчылыгына каршы келген фактылардын жоктугу себеп болгон", — деп айтылат маалыматта.
24 марта 2021Бишкектин четиндеги айланма жолдо үч автоунаа кагышып, бир киши жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
24 марта 2021Өлкө башчысы Садыр Жапаров 24-март элдик революция күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
24 марта 2021К витамини жаштыкты сактоодо маанилүү элемент болуп эсептелет. Бул тууралуу диетолог Инна Пичугина билдиргенин РИА Новости жазды.
24 марта 2021Автоунаага куйган бензинди үнөмдөө үчүн чукул токтотуп же ылдамдыкты чукул көбөйтпөш керек. Ушул жана башка кеңештерди РИА Новости автомобиль боюнча эксперт Егор Васильевдин айткандарына таянып жазды.
24 марта 2021Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы (U-23) "Үч улуттун кубогу" аталышындагы эл аралык турнирде биринчи беттешинде Бангладеш командасына утулуп калды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
24 марта 202123-мартта Ош шаарынын Көкүм Бий көчөсүнөн октон жаракат алган эркек кишинин сөөгү табылган. Маркум шаардагы №44 мектептин информатика мугалими экендигин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
24 марта 2021“Кымбаттоого россиялык заводдордогу дуң баанын көтөрүлгөнү дагы себеп болууда. Тагыраагы, бир литр бензиндин 50 сом болушу кадыресе көрүнүш болгону турат. Келерки кымбаттоо марттын аягына, апрелдин башына туура келиши мүмкүн”, — дешти ассоциациядан.
24 марта 2021Интернет колдонуучулары сейсмикалык жактан туруктуу болбогон имаратты курууга кандай себеп менен уруксат берилгенин белгилешип, нааразычылыктарын айтышууда.
24 марта 2021Санкт-Петербургда Ми-26 тик учагынын экипажы Су-27 истребителин илип алып, Ленинград облусунун аймагына, тагыраагы 300 чакырым аралыкка ачык абада ташып алып барды.
24 марта 2021Дастан Камчыбековдун жашоосу жети жыл мурда чукул өзгөргөн. Башкалардан эч нерсеси менен айырмаланбаган өспүрүм басканды, окуганды кайра баштан үйрөнүүгө мажбур болгон. Азыр ал профессионал катары спорт менен машыгып, паратриатлон боюча Азия чемпионатына даярданууда.
24 марта 2021Бронхиалдык астма илдети менен каттоодо турган бейтаптар жеңилдик программасы менен дарыны 90 пайызга чейин арзандатып ала алышат. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.
24 марта 2021Жумгалда ферганалыктардын жардамы менен көмүрдүн күлүнөн жер семирткич жана күйүүчү-майлоочу май өндүрүп чыгаруу аракеттери көрүлмөкчү. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматынан билдиришти.
24 марта 2021Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектин жашоочуларын алдын ала коргонуу чаралары менен санитардык нормаларды бекем сактоого чакырды. Бул туурасында Коомдук саламаттык боюнча башкармалыктын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.
23 марта 2021Японияда жекшемби күнү өткөн жергиликтүү RIZIN 27 эрежесиз эр уруш мелдешинде атаандашын алты секундада сулата чапкан нокаут катталды. Окуянын видеосун аталган промоушен өзүнүн Twitter-аккаунтуна чыгарды.
23 марта 2021Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров шылуундар паспорттун көчүрмөсү менен кандай мыйзамсыз иштерди жасай ала турганын санап берди.
23 марта 2021Зуура Мадылканова Бишкектеги Студенттер бейтапканасында акушер-гинеколог болуп иштейт. Пандемияда кызыл зонада эмгектенген. Ал учурду дарыгер Улуу Ата Мекендик согуш убагы менен салыштырып, дарыгерлердин көргөн азаптуу күндөрүн баяндап берди.
23 марта 2021Адам күндүз уйкусу келсе, түнкү уйкусунун сапаты начар экенин айгинелейт. Мындай маалыматты Талант Сооронбаев билдирди.
23 марта 2021Сулуулар жарышы Нооруздун урматына уюштурулуп, ага Кыргызстан, Татарстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Башкыртстандан кыздар катышкан.
23 марта 2021"Алтын-Ордо-14 көчөсүндө жайгаша турган жалпы билим берүү мекемесинин долбоордук-сметалык документациясы толугу менен даярдалып бүттү. Жарыяланган тендер Бишкек мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу ишке ашат", — деп айтылат билдирүүдө.
23 марта 2021Кыргызстандагы ишкерлер эгерде салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча топтолуп калган негизги карызын төлөсө, алар үчүн чыккан туумдар менен салыктык санкциялар жоюлат. Бул туурасында Экономика жана финансы министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
23 марта 2021РИА Новостиге жарыяланган видеодо көрүнүп тургандай, укук коргоо органдары жылаңачтанган шектүүнүн колун бууп, кармап баратышат. Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки АКШ президентине окуя тууралуу кабар берилгенин белгиледи.
23 марта 2021Жүздөгөн бомба жана ракеталар, миңдеген шейиттер, батыштын аскердик машинасынын толук үстөмдүгү... Он жыл мурун, тагыраак, 2011-жылдын 19-мартында НАТО өлкөлөрүнүн армиясы Ливиядагы жарандык согушка кийлигишкен.
23 марта 2021УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган өкмөттүк делегация кыргыз-өзбек чек арасындагы делимитация жана демаркация кылынчу тилкелер боюнча маселени талкуулоо үчүн Ташкент шаарына учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
23 марта 2021Англиянын коомдук саламаттык сактоо департаментинин иммунизациялоо бөлүмүнүн жетекчиси Мэри Рамзи эл бир нече жылга чейин бет капты түшүрбөй тагынып, аралыкты сактоого туура келерин божомолдогон.
23 марта 2021Ысык-көлдүк Мээрим Калкаманова борбор калаадагы университеттердин бирин кызыл диплом менен аяктап, андан соң аспирантурада окуп, илим менен кетүүгө аракет кылган. Бирок лингвист чет өлкөдө башка кесипти аркалаганга аргасыз болгон.
23 марта 2021