Кайсы витамин жаштыкты сактоого жардам берет? Диетологдун кеңеши

24 марта 2021 Кайсы витамин жаштыкты сактоого жардам берет? Диетологдун кеңеши

К витамини жаштыкты сактоодо маанилүү элемент болуп эсептелет. Бул тууралуу диетолог Инна Пичугина билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, К витамининен организмдеги көп процесстер көз каранды.

"Бул майды эритүүчү витаминдердин катарына кирет. Элемент кандагы белокторду синтездеп, кансыроо болгондо аны басууга жардам берет", — деген диетолог.

Адистин айтымында, К витамини көбүнчө жашыл азыктарда болот. Аларга шпинат, латук салаты (чөп), капуста, көк-сактар кирет. Мындан сырткары, аталган витамин боордо да бар.

"Аталган элемент бөйрөктүн ишин жакшыртып, сөөктөрдү бекемдейт. К витаминин балдарга көп берген жакшы. Анткени алар сөөктү жакшы өстүрөт", — деген Пичугина.

Адис сулуулук менен жаштык К витамининен көз каранды экенин айтып, аны жетиштүү көлөмдө колдонсо, иммундук система да туруктуу болорун белгилеген.


sputnik