Акыреги жок төрөлгөн бала сейрек өнөрү менен элди таң калтырууда. Видео

25 марта 2021 Акыреги жок төрөлгөн бала сейрек өнөрү менен элди таң калтырууда. Видео

АКШ тургуну сейрек оору менен төрөлгөн. Бирок мүңкүрөп калбай өзгөчө шыгы менен социалдык тармактарда белгилүү болууга жетишти.

The Sun басылмасынын жазышынча, Кори Беннетт Индиана штатында акыреги жок төрөлгөн. Муну дарыгерлер сөөктүн кыйшайышы менен коштолгон тубаса оорунун кесепети катары баалашкан.

Беннет ооруга моюн сунбай, айланадагылар кемчилик деген денесин артыкчылык катары көрсөтүүдө. Тагыраагы, элдер алаканы менен кол чапса, ал муну эки ийини менен жасайт. Себеби акырек жок.

Ал жашоосунда кодулоого көп кабылганын, бирок өзүн кандай болсо ошондой кабыл алууга үйрөнгөнүн жазган. Жаш жигиттин видеолору TikTok тармагында көп каралууда.


sputnik