Астмадан жабыркагандарга 90% жеңилдик менен берилчү дарылар. Тизме

24 марта 2021 Астмадан жабыркагандарга 90% жеңилдик менен берилчү дарылар. Тизме

Бронхиалдык астма илдети менен каттоодо турган бейтаптар жеңилдик программасы менен дарыны 90 пайызга чейин арзандатып ала алышат. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.

Тагыраагы, кеп аптекалардагы фонд келишим менен алып келген сальбутамол жана беклометазон аэрозолдору, андан сырткары, преднизалон таблеткасы туурасында жүрүп жатат.

Ошону менен катар камсыздандыруусу болгон астма оорусу бар кыргызстандык жаран ММКФ программасы менен 50 пайыз жеңилдик каралган дары-дармектерди да ала алат.

Мындай мүмкүнчүлүккө жетиш үчүн бейтап жашаган жери боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборуна жазылып, үй-бүлөлүк дарыгердин каттоосуна туруп, жеңилдик каралган рецепт алышы зарыл.

Астмадан жапа чеккен пациенттер, мындан сырткары, базалык топтомдогу медициналык кызмат көрсөтүүлөргө укуктуу. Андан сырткары, амбулатордук деңгээлдеги төмөнкүдөй кошумча изилдөөлөргө акысы бар:

  • базадан сырткары лабораториялык изилдөөлөр;
  • кайра калыбына келтирүүчү жана физиотерапиялык жардам (көрсөткүчтөрү менен);
  • процедуралар жана Үй-бүлөлүк медицина борборунун күндүзгү стационарындагы татаал ыкмалар.



sputnik