Жанылыктар

Чоң Чүй каналына Hyundai Solaris автоунаасы түшүп кетти. Сүрөт

Куткаруу кызматына күбөлөр саат 6:02де каналдын Алматы көчөсү менен кесилишкен жерине жеңил автоунаа түшүп кеткенин айтышкан. Атайын техниканын жардамы менен машина суудан тартып чыгарылды. Кырсыктан жабыркагандар жок, унаа Кайгуул милициянын кызматкерлерине өткөрүп берилген.

30 марта 2021
Ноокат шаарына таза суу киргизүү үчүн чет жактан 4,8 млн. евро алынууда

Ош облусунун Ноокат шаарында жашаган 10 миңден ашуун тургунду ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 4,8 миллион евро алынууда. Аталган макулдашуунун долбоору парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин кароосуна киргизилди.

30 марта 2021
Коргоо министрлигинде жаңы дайындоолор болду. Тизме
Коргоо министрлигинде жаңы дайындоолор болду. Тизме

Коргоо министрлигинде президент Садыр Жапаровдун буйруктары менен бир нече дайындоолор болду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

30 марта 2021
Чүйдө асфальт төшөөчү тракторду уурдап кетишти. Шектүүлөр кармалды
Чүйдө асфальт төшөөчү тракторду уурдап кетишти. Шектүүлөр кармалды

Аламүдүн районундагы айылдардын биринде асфальт төшөөдө колдонулган тракторду уурдап кетишкен. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

30 марта 2021
Текебаев мандатынан ажырап, депутаттык укук башкага берилди
Текебаев мандатынан ажырап, депутаттык укук башкага берилди

Жыйын учурунда БШК өкүлүнүн айтканына караганда, Жогорку сот БШКнын Текебаевге депутаттык мандатын кайтаруу тууралуу токтомун жараксыз деп тапкандыктан, депутаттык мандат "Ата Мекен" партиясында тизме боюнча кийинки турган, Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси Шералы Абдылдаевге берилет.

30 марта 2021
Төкмө акын Идрис Айитбаев: сындап ырдаганым үчүн сес көрсөткөн "чоңдор" болгон
Төкмө акын Идрис Айитбаев: сындап ырдаганым үчүн сес көрсөткөн "чоңдор" болгон

Төкмө акындардын республикалык айтышы жогорку деңгээлде өттү. Аталган айтышта 12 акын күч сынашкан. Анда финалга чыккан Баян Акматов 1-орунду (150 миң сом), Акмат Султан уулу 2-орунду (100 миң сом), үчүнчү орунду Тынчтык Эсенбай уулу (50 миң сом) ээледи.

30 марта 2021
Бизнесмен Жалил Атамбаев мамлекетке дагы 50 млн. сом төлөдү
Бизнесмен Жалил Атамбаев мамлекетке дагы 50 млн. сом төлөдү

Бизнесмен, ИИМдин мурдагы кызматкери мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн 100 миллион сом которду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

30 марта 2021
Кыргызстандан темир-тезек экспорттоого тыюу салган токтом чыкты
Кыргызстандан темир-тезек экспорттоого тыюу салган токтом чыкты

Кыргызстандан кара металлдын сыныктарын жана калдыктарын, кара металлдын куймасын Евразия экономикалык бирикмесинин бажы аймагынан сыртка ташып чыгарууга тыюу салынат. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

30 марта 2021
Күчкө салуу менен чечилбейт. Өкмөттүн бааны чектөө саясатынын күнгөй-тескейи
Күчкө салуу менен чечилбейт. Өкмөттүн бааны чектөө саясатынын күнгөй-тескейи

Буга чейин премьер-министр Улукбек Марипов эң маанилүү 16 товардын 12синин баасынын өсүшү токтобосо, мамлекеттик жөнгө салуу ыкмасын киргизүүгө мажбур болорун, бирок ага жеткирбей бааларды түшүрүү керектигин айткан эле.

29 марта 2021
Бишкекте өтө турган Азия жана Океания мелдешине 32 өлкөнүн балбандары катышат
Бишкекте өтө турган Азия жана Океания мелдешине 32 өлкөнүн балбандары катышат

Бишкекте өтүүчү дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына 32 өлкөнүн спортчулары катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

29 марта 2021
Россиянын шаарларына жана Үрүмчү, Алматыга ачылган каттамдар кайра токтотулду
Россиянын шаарларына жана Үрүмчү, Алматыга ачылган каттамдар кайра токтотулду

Кыргызстандын Avia Traffic авиакомпаниясы Россиянын шаарларына ачкан каттамын кайрадан токтотту. "Манас" эл аралык аэропорту мунун себеби эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу экенин билдирди.

29 марта 2021
"Коопсуздук-2021" машыгуусу. Баткенге коменданттык саат киргизилет
"Коопсуздук-2021" машыгуусу. Баткенге коменданттык саат киргизилет

1-3-апрель күндөрү өтүүчү "Коопсуздук-2021" аталышындагы машыгууларга байланыштуу Баткен шаарына жана Баткен районуна коменданттык саат киргизилет. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.

29 марта 2021
Бишкек — Ош жолунда аскердик унаа оодарылып, бир жоокер каза болду
Бишкек — Ош жолунда аскердик унаа оодарылып, бир жоокер каза болду

Куралдуу күчтөрдүн борбордук үйүнөн өлкөнүн түштүк регионуна концерт койгону бара жаткан аскер кызматкери жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу Борбордук штабдын маалымат кызматы кабарлады.

29 марта 2021
Ташиев элге чек ара маселеси боюнча келишимди түшүндүрөт. Жолугушуу графиги
Ташиев элге чек ара маселеси боюнча келишимди түшүндүрөт. Жолугушуу графиги

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана өкмөттүн чек ара боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев чек ара аймактарында жашаган калкка маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

29 марта 2021
Ленин районунун акими Чыныбаев кызматтан кетип, ордуна Өскөмбаев келди
Ленин районунун акими Чыныбаев кызматтан кетип, ордуна Өскөмбаев келди

Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев кызматтан бошотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койгон.

29 марта 2021
Бишкектин алты көчөсүндө оңдоо иштери башталып, жолдор жабылат
Бишкектин алты көчөсүндө оңдоо иштери башталып, жолдор жабылат

Бишкекте 1-апрелден тарта беш көчөдө жана Мурас-Ордо конушунун кире беришинде оңдоо иштери башталат. Көпүрө куруу дагы пландалууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

29 марта 2021
Бишкектен Россияга жана башка 6 өлкөгө авиакаттамдар көбөйтүлдү. Тизме
Бишкектен Россияга жана башка 6 өлкөгө авиакаттамдар көбөйтүлдү. Тизме

Кыргызстандан жети өлкөгө туруктуу авиакаттамдар ачылып, кээ бирлеринин саны көбөйтүлдү. Бул туурасында "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.

29 марта 2021
Кыргызстандагы кайсы банктарда мобилдик банкинг бар? Оң жана терс жактары
Кыргызстандагы кайсы банктарда мобилдик банкинг бар? Оң жана терс жактары

Улуттук банктын берген маалыматына караганда, бүгүнкү күндө өлкөдөгү 23 банктын ичинен 10 банктын мобилдик банкинги бар. 2021-жылдын март айында бул системага дагы бир банкты кошуу пландалып жатат. Анткен менен сурамжылоо учурунда көпчүлүк банктар МБ бар экенин билдиришти. Төмөндө алардын тизмеси:

29 марта 2021
Донорлордун акчасына тез жардам унааларын алууда 18 млн. сом кымырылган
Донорлордун акчасына тез жардам унааларын алууда 18 млн. сом кымырылган

Тез жардам унааларын сатып алууда Саламаттык сактоо министрлиги мамлекетке 19 миллион сомго чукул зыян келтиргени аныкталды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

29 марта 2021
Бишкекке Россиянын дагы 4 шаарынан авиакаттам ачылды
Бишкекке Россиянын дагы 4 шаарынан авиакаттам ачылды

Россиянын дагы төрт шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылат. Бул туурасында "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

29 марта 2021
Коронавируска каршы кайсы жерде эмделсе болот? Даректери
Коронавируска каршы кайсы жерде эмделсе болот? Даректери

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө башталды. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев брифингде вакцинация кайсы жерлерде жасала турганын айтты.

29 марта 2021
УКМК Бишкектеги райондордун биринин акимин кармады
УКМК Бишкектеги райондордун биринин акимин кармады

"Такталган маалымат боюнча, кармалган адам бюджеттик каражаттарды үгүт иштери үчүн депутаттыкка талапкерлердин бирине мыйзамсыз бөлүп берген. Бул акча Бишкектеги аймактардын бирин жакшыртууга арналган болчу. Кармалган кызматкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

29 марта 2021
Министр Бейшеналиев: вакцинанын кесепети болсо жоопкерчиликти өзүм алам
Министр Бейшеналиев: вакцинанын кесепети болсо жоопкерчиликти өзүм алам

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы эмдөө өнөктүгүнүн алкагында кимдир бирөөгө кесепети тие турган болсо жоопкерчиликти жеке өзү ала турганын билдирди.

29 марта 2021
Саламаттык сактоо министри коронавируска каршы эмделди. Видео
Саламаттык сактоо министри коронавируска каршы эмделди. Видео

Белгилей кетсек, Кыргызстанга Кытайдан Sinoрharm вакцинасынын 150 миң дозасы алып келинип, 29-марттан тарта эмдөө башталды. Аны алгачкылардан болуп министр алып, артынан эле башка медиктер дагы эмделишкен.

29 марта 2021
Тойго барып, карантинди бузган Кайрат Нуртас. Ызы-чууга кабылган ырчынын видеосу
Тойго барып, карантинди бузган Кайрат Нуртас. Ызы-чууга кабылган ырчынын видеосу

Казакстандык ырчы Кайрат Нуртас карантин учурунда Алматы шаарында жашыруун иштеп жаткан ресторанга бара калам деп ызы-чууга кабылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан кабарлады.

29 марта 2021
Кошуна аял эмизип... Кыргыз кардиологиясынын атасы Миррахимов жөнүндө 9 факты
Кошуна аял эмизип... Кыргыз кардиологиясынын атасы Миррахимов жөнүндө 9 факты

Өмүрүн элдин саламаттыгына арнап, бир топ эл аралык деңгээлдеги ийгиликтерди багындырган окумуштуунун көзү тирүү болгондо быйыл 94 жашка толмок. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги атактуу академик жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.

29 марта 2021
Голу эсептелбей калган Роналду капитандык лентасын ыргытып салды. Видео
Голу эсептелбей калган Роналду капитандык лентасын ыргытып салды. Видео

Португалия футбол курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналдунун Сербиянын дарбазасына киргизген голу эсепке алынбай калды. Оюндун жыйынтыгына нааразы болгон португалиялыктардын лидери капитандык лентасын жерге ыргытып кетип калганын Р-Спорт жазды.

29 марта 2021
Атам кыздарды жерий берип эркектер менен сүйлөшө албай калдым. Кыздын каты
Атам кыздарды жерий берип эркектер менен сүйлөшө албай калдым. Кыздын каты

Саламатсыздарбы, мага жардамыңыздар керек. Психологдон кеңеш алып берсеңиздер. Негизи адам баласы бетке чабар, ачык болушу керек окшойт. Мен жашоодо абдан тартынчаак, жоошмун. Ошондуктан көп кыйынчылыктарды тарта берем. Бир үйдө удаа-удаа төрт кыз чоңойдук. Атам "уулум жок" деп бизди жерип жүрдү.

29 марта 2021
Кызыл-Аскерде өзгөчө эстеликтер пайда болду. "Эскерүү багы" акциясынан видео
Кызыл-Аскерде өзгөчө эстеликтер пайда болду. "Эскерүү багы" акциясынан видео

Акциянын алкагында ыктыярчылар Бишкектеги "Кызыл-Аскер" советтик жоокерлердин жалпы көрүстөнүнө 80 түп дарак отургузушту. Негизи ар бир жаран өзүнүн согушка катышкан ата-бабасына арнап бак тиксе болот.

29 марта 2021
Төрөттөн кийин дароо 40 килограммга арыктаган аял сыры менен бөлүштү
Төрөттөн кийин дароо 40 килограммга арыктаган аял сыры менен бөлүштү

Фрагомени бала кезинен ашыкча салмак менен жабыркап келген. Өтө толуп кеткенде 112 килограммга жеткен. Эгиз балдарын көтөрүп жүргөндө кыймылдаганда кыйналып, көз жаргандан кийин да толуп кеткен. Мындан улам арыктоону чечкен.

29 марта 2021
Быйылкы жылдын эң мыкты смартфондору аталды
Быйылкы жылдын эң мыкты смартфондору аталды

Андагы "Мыкты iPhone" категориясынын сап башына iPhone 12 Pro Max чыкты. Ал A14 Bionic процессору жана OLED-дисплейи менен жабдылып, 5G тармагына кошулууга мүмкүнчүлүгү бар.

29 марта 2021
Рыспай Абдыкадыровдун тун кызы Алтынчач: атамдын каза болгонун теледен уккам
Рыспай Абдыкадыровдун тун кызы Алтынчач: атамдын каза болгонун теледен уккам

Абдыкадыров 300дөн ашык обон менен музыкалык чыгармалардын автору. Көпчүлүгү азыр дагы эл оозунан түшпөй ырдалып келет. "Алмашым", "Түгөйүм", "Сагынуу", "Издейм сени", "Алтынчы күнү кечинде", "Жүрөктү кетпе жаралап", "Биз экөөбүз" аттуу ырлары канча деген муунду өстүрдү.

29 марта 2021
Коронавируска каршы эмделгенден кийин жегенге болбой турган азыктар
Коронавируска каршы эмделгенден кийин жегенге болбой турган азыктар

Дарыгер жана алып баруучу Елена Малышева коронавируска каршы вакцинанын натыйжалуулугун азайта турган азыктарды санап берди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

29 марта 2021
Сууну Өзбекстан башкарып калбайбы? Өкмөттүн жооптуу өкүлү менен видео маек
Сууну Өзбекстан башкарып калбайбы? Өкмөттүн жооптуу өкүлү менен видео маек

"Буга чейин деле Орто-Токойдун ушундай өлчөмдөгү суусу Өзбекстанга кетип турган. Мурда "суу сактагычты биз курганбыз" деп талашып жүрүшкөн, кийин Кыргызстандын балансына өткөн. Демек, Өзбекстан биздин сууну пайдаланганы үчүн гана жерлерди берип жатат", — деди Бөрүбаев.

29 марта 2021