Тез жардам унааларын сатып алууда Саламаттык сактоо министрлиги мамлекетке 19 миллион сомго чукул зыян келтиргени аныкталды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Ислам өнүктүрүү банкынан насыя катары бөлүнгөн каражаттын эсебинен тез жардам унаалары мыйзам бузуу менен сатып алынган. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги 2020-жылдын 21-сентябрында "Коопсуз шаар" долбоорунун каражатынын эсебинен деп 66 даана тез жардам унаасын сатып алуу боюнча негизсиз протоколдук чечим чыгарган. Ал эми 21-октябрда министрлик "В" ЖЧКсы менен "Газель Соболь 4х4" үлгүсүндөгү унааларды алуу үчүн 193 миллион сомго (ар бири 2 миллион 924 миң 267 сом) келишим түзгөн.
"Ошону менен бирге автоунаалар Россияда чыгарылганын, ал жакта орус акчасы "рубль" колдонулганын эске албастан, келишимде 66 тез жардам унаасынын жалпы баасы 2 миллион 504 миң 898 доллар (ар бири 37 953 доллар) деп кошумча көрсөтүлгөн. Доллардын курсу келишим түзүлгөн күнгө карата эмес, 8-августтагы курс менен эсептелген. Буга байланыштуу ар бир автоунаанын баасы 94 232 сомго негизсиз түрдө жогорулатылган", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, "В" компаниясы тез жардам машиналарын өз убагында алып келбегени үчүн 3 миллион 465 миң 151 сом айып пул (туум катары) салынган. Буга байланыштуу 189 миллион 536 миң 470 сом берүүнүн ордуна доллардын курсу менен 208 миллион 513 миң 151 сом которгон.
Мунун натыйжасында мамлекетке 18 миллион 976 миң 681 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.
Бул кылмыш иши боюнча Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 322-беренеси ("Билип туруп пайдасыз келишим түзүү") менен сотко чейинки өндүрүш ачылган. Материалдар тергөө иштерин жүргүзүү үчүн УКМКга өткөрүп берилди.