Быйылкы жылдын эң мыкты смартфондору аталды

29 марта 2021 Быйылкы жылдын эң мыкты смартфондору аталды

Американын Consumer Reports журналы Android жана iOS базасында колдонулган быйылкы смартфондордун рейтингин түздү.

Андагы "Мыкты iPhone" категориясынын сап башына iPhone 12 Pro Max чыкты. Ал A14 Bionic процессору жана OLED-дисплейи менен жабдылып, 5G тармагына кошулууга мүмкүнчүлүгү бар.

Адистер белгилегендей, iPhone 12 Pro Max салыштырмалуу 12 Pro гаджетинен 100 долларга кымбат. Ошол эле автономдуулугу, дисплейи жана камерасы артыкчылыкка ээ. Бирок анын көлөмдүүлүгүн кемчилик катары баалашкан.

Android аппараттарынын лидери деп Samsung Galaxy Note20 Ultra 5G табылды. Адистер телефондун автономдук ишин, беш эсе чоңойтуп кадр тарта турчу камерасын жана экранын баалашкан.

Үнөмдүү гаджет катары OnePlus Nord N10 5G табылды. Бирок анын mmWave колдоочусу жок экени эскертилген.

OnePlus Nord N100 гаджети бышык аппараттардын катарына кошулган. Бирок камерасы адистердин "жакшы" деген баасына татыган эмес.


sputnik