Төрөттөн кийин дароо 40 килограммга арыктаган аял сыры менен бөлүштү

29 марта 2021 Төрөттөн кийин дароо 40 килограммга арыктаган аял сыры менен бөлүштү

Австралиянын жашоочусу Леа Фрагомени бир жылда 40 килограмм арыктаганын 7News жазды.

Фрагомени бала кезинен ашыкча салмак менен жабыркап келген. Өтө толуп кеткенде 112 килограммга жеткен. Эгиз балдарын көтөрүп жүргөндө кыймылдаганда кыйналып, көз жаргандан кийин да толуп кеткен. Мындан улам арыктоону чечкен.

Австралиялык аял колдонгон калориясын эсептеп, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасай баштаган. Ал азыраак иштетилген, кээде такыр эле иштетилбеген азыктарды колдонгонго аракет кылат.

Леанын күнүмдүк нормасы 1 500 калория. Ал быштак, мөмө-жемиш жана грек жаңгагы кошулган йогурт, тоок эти же тунец балыгы менен салат, жашылча-жемишти жейт. Кээде макарон, күрүч же картошка колдонуп коет.

Салмагы 72 килограммга жеткен аял бир топ жеңилдеп, өзүн ишенимдүү сезип калганын жазган.


sputnik