УКМК Бишкектеги райондордун биринин акимин кармады

29 марта 2021 УКМК Бишкектеги райондордун биринин акимин кармады

УКМК бюджеттик каражаттарды туура эмес сарптоо фактысы боюнча Бишкек мэриясынын райондук администрация башчыларынын бири кармалганын билдирди.

Ал Жазык кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ысырап кылуу") боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалганы айтылат. УКМК акимдин аты-жөнүн Ч.Ч. деген инициал менен берген. 

"Такталган маалымат боюнча, кармалган адам бюджеттик каражаттарды үгүт иштери үчүн депутаттыкка талапкерлердин бирине мыйзамсыз бөлүп берген. Бул акча Бишкектеги аймактардын бирин жакшыртууга арналган болчу. Кармалган кызматкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Атайын кызмат Бишкек шаардык кеңешине шайлоо учурунда шайлоо мыйзамдарынын бузулушун аныктоо жана бөгөт коюу боюнча тийиштүү иштер улантыларын эскертти.


sputnik