Садыр Жапаровго COVID-19га каршы эмделүүнүн кажети жок. Министр себебин айтты

26 марта 2021 Садыр Жапаровго COVID-19га каршы эмделүүнүн кажети жок. Министр себебин айтты

Президент Садыр Жапаровго коронавирус инфекциясына каршы вакцина сайдыруунун кажети жок. Мындай пикирин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, Жапаров ооруп айыккан, мындан улам 9-9,5 көрсөткүчүндөгү антителосу бар.

"Ага вакцина сайдыруунун кажети жок, анткени реакция жүрүп кетиши толук мүмкүн. Президенттин организминде антитело иштелип чыккан. Мен муну медик катары да, саламаттык сактоо министри катары да айтып жатам", — деди Бейшеналиев.

Эскерте кетсек, 29-март күнү өлкө боюнча эмдөөнүн биринчи этабы башталат. 


sputnik