Дарыгер 50 жаштан өткөндөр рактын кайсы түрүнөн абайлашы керектигин айтты

29 марта 2021 Дарыгер 50 жаштан өткөндөр рактын кайсы түрүнөн абайлашы керектигин айтты

Жоон ичеги рагына кимдер кабыларын, ал кантип пайда болорун жана алдын алуу жолдорун РИА Новости дарыгер-онколог жана проктолог Елена Смирновага таянып жазды.

Ал белгилегендей, бул оору рактын эң көп кездешкен беш түрүнүн бири болуп саналат. Жаш курак өткөн сайын анын пайда болуу коркунучу жогорулайт.

"Жоон ичегинин рагы 90 пайыздан ашык учурда 50 жаштан ашкан бейтаптарда кездешет", — деди дарыгер.

Смирнова 15 пайыз учурда шишиктин бул түрү тукумдан бериле турганын кошумчалады.

Дарыгер майларды көп колдонуу, клетчатканын, кальцийдин жана фолий кислотасынын жетишсиздиги оорунун пайда болуу тобокелдигин жогорулатарын белгилеген.

Адис 40 жаштан өткөндөрдү проктологго көрүнүп турууну сунуштаган.


sputnik