Аялды эрте өлүмгө алып келе турган фактор аталды

29 марта 2021 Аялды эрте өлүмгө алып келе турган фактор аталды

Америкалык окумуштуулар бир нече ирет боюнан түшкөн аялдардын эрте көз жумуу тобокелчилиги 19 пайызга жогору. Изилдөөнүн жыйынтыгы The BMJ илимий журналына жарыяланганын РИА Новости жазды.

Иликтөөгө 1993-жылдан баштап 2017-жылга чейин жүз миң аял катышкан. Алардын ден соолугуна таасир эткен факторлор, тамактануу жана жашоо образы эске алынып, медициналык көзөмөл жүргүзүлгөн.

Эрте өлүмгө бир нече ирет боюнан түшкөн келиндер, айрыкча буга жаш кезинде кабылгандар дуушар болору аныкталган. Ошондой эле жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган келиндердин боюнан түшүп каза болгон учурлары 48 пайызга жогору болору аныкталган.

Окумуштуулар изилдөөнүн жыйынтыгына таянып бойдон түшүү аялзатынын ден соолугуна кооптуулук жараткан белги экенин айтышкан.

Алардын айтымында, бойдон түшүп калуу аялдын ден соолугуна кандай таасир этерин толук кандуу билиш үчүн дагы кошумча изилдөөлөр керектелет.


sputnik