Биздин максат - коронавирусту токтотуу, бул үчүн этап-этабы менен ишке ашыра турчу пландарыбыз бар. Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.
"Тактап кетчү жагдай, биз кезектеги локдаун жөнүндө сөз кылган жокпуз. Кошумча текшерүү иш-чаралары тууралуу айтып жатабыз. Бардыгыбыздын каалообуз коронавирусту токтотуу, бул үчүн этап менен ишке аша турган пландарыбыз бар. Бирок бизнес менен мектептерди жабуу максатыбыз жок. Эпидемиялык кырдаалга карайбыз", — деди Чыныбаева.
Вице-мэр коронавирустун жайылуусун токтотуу жалпы элдин жоопкерчилигинде экенин белгиледи.
"Эгер бет кап кийип, санитардык нормаларды сактай турган болсок, Казакстанда айтылып жаткан үчүнчү толкундан жеңил өтүп кетишибиз мүмкүн. Учурда соода борборлору жана башка эл көп топтолгон жайлар менен иш алып барып жатабыз", — деди ал.
Белгилей кетсек, ушул эле брифингге катышып жаткан Бишкек шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Рыскулбекова 15-марттан тарта Бишкек шаарында коронавирус жуктургандардын саны көбөйө баштаганын билдирди.