Шашылыш билдирүү! Кыргызстандын аймагында күн сууктайт

25 марта 2021 Шашылыш билдирүү! Кыргызстандын аймагында күн сууктайт

Кыргызстандын аймактарында 26-30-март күндөрү мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти. Маалыматка караганда, 29-30-мартта тоо этектеринде жаан карга айланат.

26-мартта күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын, 28-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын, 29-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын, 29-мартта күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

29-30-мартта абанын температурасы төмөндөйт. Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 1…6 градус жылуу, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2 градустан …+3 градуска чейин, күндүз 1…6 градус жылуу болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз 2…7 градус жылуу болушу күтүлөт.

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз -1 градустан …+4кө чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9га чейин суук болот.

sputnik