Жанылыктар

Матраимов "Райым миллион" лакап атын ким койгонун айтты

Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов 13-майда экс-президент Алмазбек Атамбаевге болгон видео кайрылуусунда ага "Райым миллион" деген лакап атты ким койгонуна токтолду.

14 мая 2019
КСДП Райым Матраимовдун кайрылуусуна жооп берди

Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын төрага орун басары Кундуз Жолдубаева Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимовдун видеокайрылуусуна жооп берди.

14 мая 2019
Таластагы үйүнөн чыккан 14 жаштагы кыз беш күндөн соң Оштон табылды
Таластагы үйүнөн чыккан 14 жаштагы кыз беш күндөн соң Оштон табылды

Буга чейин өспүрүмдүн Таластагы үйүнөн 17-апрель күнү болжол менен саат 7.40тарда чыгып кеткени айтылган.

14 мая 2019
Кумаркана жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилет
Кумаркана жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилет

Кумар оюндарын уюштурууга тыюу салган мыйзам кайрадан иштелип чыгып, өзгөртүүлөр киргизилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановбилдирди. Эл өкүлү кумарканалардын ишин тыйган мыйзам иштебей жатат деп эсептейт.

14 мая 2019
19 жолу күйөөгө берип... Сирияда 6 жыл жашап келген казакстандык келиндин баяны
19 жолу күйөөгө берип... Сирияда 6 жыл жашап келген казакстандык келиндин баяны

Аялдын жашоо шарты өтө начар эле. Ошентсе да мекенине кайтуу ниетин өлүм жазасынан коркуп эч кимге айта алган эмес.

14 мая 2019
Сиздин келечегиңиз тууралуу психологиялык тесттен өтүп көрүңүз
Сиздин келечегиңиз тууралуу психологиялык тесттен өтүп көрүңүз

Келечекти болжолдоо тууралуу жоромолдорго ишенбейсизби? Ушул тестти түзгөндөр да ишнишкен эмес. Бирок, байкап көрүңүз. Мүмкүн, келечегиңизге тиешелүү нерселер айтылар.

14 мая 2019
Токмокто 80 жаштагы карыяны сабайбыз деп коркутуп тоноп кеткендер кармалды
Токмокто 80 жаштагы карыяны сабайбыз деп коркутуп тоноп кеткендер кармалды

Токмок шаарынын криминалдык милициясынын кызматкерлери 80 жаштагы тургундун үйүнө кирип, карактап кетти делгендерди кармады. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

14 мая 2019
Депутаттар жакырчылыкты жаңгактын эсебинен жоюуну сунушташты. Долбоор
Депутаттар жакырчылыкты жаңгактын эсебинен жоюуну сунушташты. Долбоор

Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдөгү жакырчылыкты жоюу максатында грек жаңгагынын плантацияларын түзүүнү сунуштап жатышат.

14 мая 2019
Нью-Йоркто официант 424 миң долларын унутуп кеткен аялга акчасын кайтарып берди
Нью-Йоркто официант 424 миң долларын унутуп кеткен аялга акчасын кайтарып берди

Акчанын ээси Карен Винакур ресторанга бир нече күндөн кийин келип банктык чегин унутуп кеткенин айткан.

14 мая 2019
Ынды каралардын эмоциясын ак терилүүлөр жакшы байкай албайт. Иликтөө
Ынды каралардын эмоциясын ак терилүүлөр жакшы байкай албайт. Иликтөө

Испаниянын Гранада университетинин катышуусу менен эл аралык окумуштуулардын тобу ак терилүү кишилер ынды каралардын жүзүндөгү эмоцияны байкоодо кыйынчылык тартарын аныктады. Бул тууралуу EurekAlart басылмасы жазды.

14 мая 2019
Сирия адашып барган аялдар: алар бизге бейишти убада кылышкан. Сүрөт
Сирия адашып барган аялдар: алар бизге бейишти убада кылышкан. Сүрөт

“Ислам мамлекетинин” аялдары өлүм, коркуу жана үзүлгөн үмүт жөнүндө

14 мая 2019
Пляж эволюциясы. Купальниктер акыркы 150 жылда кандай өзгөргөн. Сүрөт
Пляж эволюциясы. Купальниктер акыркы 150 жылда кандай өзгөргөн. Сүрөт

Биринчи купальниктер Англияда XVIII кылымдын жарымында пайда болгон. Алар азыркылардан айырмаланып этеги кең көйнөктөр эле. Ушул “купальниктерди” кийүү үчүн аялдар атайын үйгө кирип чыгышчу.

14 мая 2019
Төрөттүн ордуна химиотерапия! Дарыгерлердин жаңылыштыгы
Төрөттүн ордуна химиотерапия! Дарыгерлердин жаңылыштыгы

Түркияда жабыр тарткан аял койбоолуктук залалдуу шишик менен алмаштырып алышкан дарыгерлерди сотко берди. Бул тууралуу Daily Mirror басылмасы кабарлайт.

13 мая 2019
Ошто «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаков сабалды
Ошто «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаков сабалды

Ош шаарында көмүскө иш жүргүзгөн кумаркана катары сөз болгон мекемени тартып жаткан учурда «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаков сабалды. Журналисттин бети, колу тытылып, кийими айрылган. Аталган жайга милиция кызматкерлери келип, журналистке кол салгандар кармалганы кабарланды.

13 мая 2019
Арменияда экс-президент Кочарян соттолууда
Арменияда экс-президент Кочарян соттолууда

Арменияда 13-майда конституциялык түзүмдү кулатууга аракет жасоого айыпталган мурдагы президенти Роберт Кочаряндын соту башталат.

13 мая 2019
Алишер Усманов Улуу Британиянын эң бай 10 жашоочусунун катарына кирди
Алишер Усманов Улуу Британиянын эң бай 10 жашоочусунун катарына кирди

The Times басылмасы Улуу Британиянын эң бай 1000 жашоочусунун тизмесин жарыялады. Анын алдыңкы ондугуна үч орусиялык ишкер кирген.

13 мая 2019
Индонезия: шайлоо комиссиясынын 496 кызматкери добуш санагандан соң каза тапты
Индонезия: шайлоо комиссиясынын 496 кызматкери добуш санагандан соң каза тапты

Маркумдардын жаш курагы 50-70тин ортосунда экендигин айтышты.

13 мая 2019
Эми качан эс алабыз? Өкмөттүн токтому
Эми качан эс алабыз? Өкмөттүн токтому

Өкмөттүн токтомуна ылайык, кыргызстандыктар эми ноябрь айында төрт күн катары менен эс алышат.

13 мая 2019
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин канча айлык алары айтылды
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин канча айлык алары айтылды

Буга чейин министр Жогорку Кеңеште депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, ИИМдин сержанттарынын маянасы 8-12 миң сом экенин айткан.

13 мая 2019
Алматы — Бишкек кан жолундагы кырсыктан 9 киши каза болду
Алматы — Бишкек кан жолундагы кырсыктан 9 киши каза болду

Алматы — Бишкек кан жолунда эки жеңил автоунаа кагышып, анын кесепетинен тогуз киши набыт болду. Бул тууралуу Алматы облусунун полиция департаменти билдирди.

13 мая 2019
10 тыйындык кагаз акча 54 миң эсеге кымбат сатылууда. Себеби
10 тыйындык кагаз акча 54 миң эсеге кымбат сатылууда. Себеби

Россиянын "Мешок" интернет-аукционунда Кыргызстандын 10 тыйындык купюрасы сатыкка чыкты.

13 мая 2019
Кадыр түн качан болору айтылды
Кадыр түн качан болору айтылды

Быйыл Кадыр түн болжол менен 31-майдан 1-июнга караган түнгө туура келет. Бул тууралуу муфтияттан маалымдашты.

13 мая 2019
Өз агамды сүйөм...
Өз агамды сүйөм...

Мен сиздерге өз окуямды айтып берүүнү чечтим. Мени 7 жашымда багып алышкан. Азыр жашым 23тө. Мен мыкты үй-бүлөдө чоңойдум. Чарк айланган ата-эенем, эжем, агам жана иним бар.

13 мая 2019
Денеге чапташкан шым аялга зыян келтирет. Адистер себебин айтты
Денеге чапташкан шым аялга зыян келтирет. Адистер себебин айтты

Дарыгерлер денени кысып кармап турган шымдар жыныстык органдарда жана анын тегерегинде кан айланууга тоскоол болорун эскертишет.

13 мая 2019
Эмомали Рахмон: «Истиклол» медициналык борборун курууда 16 млн. доллар уурдалган
Эмомали Рахмон: «Истиклол» медициналык борборун курууда 16 млн. доллар уурдалган

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Душанбе шаарындагы «Истиклол» медициналык борборун куруудагы бюджеттик акчалардын сарпталышы боюнча кенен маалымат берди. Анын айтымында, объекти салуу учурунда 151 миллион сомони (16 млн. доллар) уурдалган.

13 мая 2019
Тель-Авивде "Евровидение-2019" ыр сынагы башталды
Тель-Авивде "Евровидение-2019" ыр сынагы башталды

12-майда Тель-Авивде эл аралык "Евровидение-2019" ыр сынагы башталды. 41 өлкөнүн ырчылары менен коноктору Габима театрынын алдындагы аянтагы “кызгылт-сары килемден” өтүштү. Бул тууралуу ТАСС маалымады.

13 мая 2019
Айдоочу, абайла! Бишкекке дагы 19 камера орнотулду. Жалпы тизме
Айдоочу, абайла! Бишкекке дагы 19 камера орнотулду. Жалпы тизме

Жаңы коюлган көзөмөл аппараттар 14-майдан тарта иштеп баштайт.

13 мая 2019
Жума сайын секс менен алектенүү мырзалардын өмүрүн узартат
Жума сайын секс менен алектенүү мырзалардын өмүрүн узартат

Жумасына жок дегенде бир жолу секс менен алектенүү мырзалардын жашын эки эсе узартат.

13 мая 2019
Түндө компьютер алдында олтуруу зыян
Түндө компьютер алдында олтуруу зыян

Күнүмдүк “жумуш” деп өтөт куу тиричилик. Ал эми компьютер бүгүнкү күндө көпчүлүгүбүздүн ишенимдүү шеригибизге айланган. Эртең менен, күндүз, кечинде, макул, каалаган убакта жумуш десек, ал тургай түндө дагы компьютер алдында олтуруу адат болуп калды. Түндө компьютерде олтуруунун зыяны канчалык экенин билесизби?!

12 мая 2019
Мас эне 7 айлык баласын кайсы жерге таштап кеткенин унутуп калды
Мас эне 7 айлык баласын кайсы жерге таштап кеткенин унутуп калды

Казакстандын Чымкент шаарындагы полициясына байланышкан жергиликтүү тургун мас абалында жүрүп кичинекей наристесин жоготуп алганын айткан.

12 мая 2019
Адамдын көз жашынан электр энергиясын алууга болот
Адамдын көз жашынан электр энергиясын алууга болот

Ирландиядагы Лимерика университетинин изилдөөчүлөрү адамдын көз жашында, белокто жана эмчек сүтүндө боло турган лизоцим ферментин изилдөөгө алышты. Окумуштуулар механикалык таасирдин аркасында аталган ферменттен электр энергиясын алууга боло турганын аныкташты.

10 мая 2019
Кантта небересин зордуктады деп шектелген киши өз жанын кыйды
Кантта небересин зордуктады деп шектелген киши өз жанын кыйды

Небересин зордуктады деген шек менен кармалган киши Кант шаарындагы милициянын убактылуу кармоочу жайында өз жанын кыйды. Бул тууралуу Чүй ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

10 мая 2019
Жалал-Абадда күйүп жаткан мунай базасы саясатчынын бир тууганына таандык
Жалал-Абадда күйүп жаткан мунай базасы саясатчынын бир тууганына таандык

Жалал-Абад шаарында күйүп жаткан мунай база саясатчы Камчыбек Ташиевдин туугандарына тиешелүү экени аныкталды.

10 мая 2019
Даарат кагазын бир нече жолу пайдаланууга болот экен
Даарат кагазын бир нече жолу пайдаланууга болот экен

Инженерлер менен окумуштуулар бир нече жолу пайдаланууга боло турган даарат кагазын жасап чыгарышты. Бул тууралуу Казакстан мусулмандар союзунун башчысы Мурат Телибаев фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

10 мая 2019