Денеге чапташкан шым аялга зыян келтирет. Адистер себебин айтты

13 мая 2019 Денеге чапташкан шым аялга зыян келтирет. Адистер себебин айтты

Дарыгерлер денени кысып кармап турган шымдар жыныстык органдарда жана анын тегерегинде кан айланууга тоскоол болорун эскертишет.

Денеге чапташкан шымды көп кийген аялдар гинекологиялык-инфекциялык ооруларга көп чалдыгат. Мындай бүтүмгө Бостон университетинин (АКШ) окумуштуулары келгенин Daily Mail басылмасы жазды.

Ал үчүн адистер 18ден 40 жашка чейинки 434 кыз-келинди иликтеп көрүшкөн.

"Жумасына төрт күндөн ашык жинсы же ошол сыяктуу дегене чапталып, тыкан кармап турган шым кийген кыз-келиндердин 74 пайызы молочница жана бактериялык вагиноз илдеттери менен көбүрөөк жабыркайт", — деп айтылат макалада.

Ошондой эле дарыгерлер денени кысып кармап турган шымдар жыныстык органдарда жана анын тегерегинде кан айланууга тоскоол болорун эскертишет. Ал эми кан айлануунун начарлашы башка толгон-токой ооруларды жаратары белгилүү.

Спутник Кыргызстан