Партия Матраимовду киреше булагын көрсөтүүгө чакырды.
Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын төрага орун басары Кундуз Жолдубаева Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимовдун видеокайрылуусуна жооп берди.
Эскерте кетсек, 13-май күнү Матраимов Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасаган. Өз сөзүндө ал экс-президент жана анын тарапташтары Матраимовдордун атасынын элесине арналган иш-чарадан саясат таап чыкканын айткан. Ошону менен бирге, эгер каралаганын койбосо, каршы күрөшкө чыга турганына токтолгон.
Жолдубаева өз жообунда бул кайрылуудан кийин "эч нерсеге ишенбеген адамдардын да Жээнбековдор менен Матраимовдордун байланышынан күмөнү жок калганын" айткан.
"Райым Матраимовдун кечээки кайрылуусун Жээнбековдор менен болгон көп жылдык байланышынан коомчулуктун көңүлүн буруп кетүүгө аракет катары баалайбыз", — деди ал.
Жолдубаева Атамбаевдин президенттиги учурунда Матраимов "көлөкөсүнөн коркуп" турарын белгиледи.
"Райым Матраимовго эч ким ишенбейт. Андан көрө элге киреше булагын айтып берсин. Жалпысынан ал кечээ бай адам экенин мойнуна алды. Анын сөзүнө баа бериш үчүн тиешелүү органдарга кайрылуу керек", — деди төраганын орун басары.
Ал коомчулук Матраимовдун мал-мүлкүн текшерүүнүн жыйынтыгын көптөн бери күтүп жатканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, 1-май күнү Кара-Суу районунда Матраимовдордун атасы Исмаил Матраимовдун элесине жана Улуу Жеңишке арналган спорттук турнир өткөн. Ага ЖК төрагасы Дастан Жумабеков баштаган депутаттар жана өкмөт мүчөлөрү барган.