Мен сиздерге өз окуямды айтып берүүнү чечтим. Мени 7 жашымда багып алышкан. Азыр жашым 23тө. Мен мыкты үй-бүлөдө чоңойдум. Чарк айланган ата-эенем, эжем, агам жана иним бар.
Азыркы учурда мен ата-энемдин жана агамдын каалоосу менен чет өлкөдө окуйм. Менин агам адвокат, чет өлкөдө жашап, иштейт, менден он жаш улуу. Мен агам менен турам.
Ушул жылдар аралыгында анын мага болгон мамилеси өзгөчө эле. Ал эми бир жыл мурун ал мага сүйүүсүн билдирди. Мен аябай шок абалда калдым, мунун баары туура эмес экендигин айттым. Ал менин бир тууганым экендигин айттым, ал болсо уялаш эмес экенибизди айтып, түшүндүрүүгө аракет кылды.
Билсеңиздер, мен дагы аны көп убакыттан бери сүйүп келем. Бирок, мен ага эч убакта өз сүйүүмдү билдирген эмесмин, күмөн да жараткан эмесмин.
Сүйлөшкөн жигитим бар деп айтсам, ал мени кызганып, уруп жиберейин деди. Мындан кийин мен жатаканага көчүп кеттим эле, агам келип мени кайра алып кетти. Андан алыс болуунун бардык айласын кылып көрдүм, бирок эч кандай майнап чыкпады. Чогуу жашайбыз. Мен дагы аны сүйөм, сүйүүмдү басуунун айласын таппай келем.
Ата-энемдин көңүлүн калтырууну каалбайм, аларды жоготуп алуудан корком, алар менден баш тартып кетишет деп корком... жайында Кыргызстанга барабыз. Ал баарын ата-энебизге айтууну пландап жатат. эгер алар биздин чечимди кабыл алышпаса дагы, баары бир чогуу болорубузду айтат.
Мен абдан коркуп жатам, эмне кыларымды билбейм... Балким, окумандар кеп-кеңеш айтышаар...