Пляж эволюциясы. Купальниктер акыркы 150 жылда кандай өзгөргөн. Сүрөт

14 мая 2019 Пляж эволюциясы. Купальниктер акыркы 150 жылда кандай өзгөргөн. Сүрөт

Биринчи купальниктер Англияда XVIII кылымдын жарымында пайда болгон. Алар азыркылардан айырмаланып этеги кең көйнөктөр эле. Ушул “купальниктерди” кийүү үчүн аялдар атайын үйгө кирип чыгышчу.

XIX кылымдын аягы XX кылымдын башы

1910-жыл. Купальниктер кыскарып, гимнастеркага окшошуп баратканын байкоого болот. Аялдар башына атайын баш кийим кийишчү. Жылаңайлак сууга түшүүгө тыюу салынгандыктан, атайын бут кийим да кийип алып сууга түшүшкөн. Ал учурда пляждар аялдар үчүн жана эркектер үчүн деп бөлүнчү.

1920-жылдар

Ушул жылды купальниктин эволюциясы деп атоого болот. Жүндүү кездемеге чоюлчак жип кошуп токуп, ал бир гана форманы кармабай, сууга түшкөндө көтөрүлүп калбай турган болгон.

1930-жылдар

Асты менен үстү бөлөк купальниктер мода болуп, аны батынган гана кыздар кийишкен.

1940-жылдар

Алгачкы бикини ушул жылдары чыккан. Ал купальниктер чолок шым менен топиктерди элестетчү.

1950-1960-жылдар

Бул жылдар – назиктиктин жана сулуулуктун гүлдөгөн учуру. Көкүрөгүндө атайын чашкалар пайда болуп, тор менен кооздолгон. Бул моделдер «Касабланка», «Париж», «Монако» деген аталыштарды алып жүргөн.

1970-жылдар

Бул жылдары синтетикадан тигилген купальниктер пайда болгон. Алардын түсү ачык, өзгөчө болчу.

1980-1990-жылдар

Бул учурда батышта сексуалдуулук күч алып жатса да, Борбордук Азияда 50-жылдардагы пакизалык сакталып турган.

2000-жылдар

Түрдүү купальниктер, көзгө көрүнбөгөн, жанбаштын баарын ачып турган бикинилер пайда болду.  Монокинилер модага кирди.

2010-жылдар

Азыркы учурда бир эле салттуу купальниктерди эмес, мусулман кыздарга арналган буркинилер да пайда болду.