Күнүмдүк “жумуш” деп өтөт куу тиричилик. Ал эми компьютер бүгүнкү күндө көпчүлүгүбүздүн ишенимдүү шеригибизге айланган. Эртең менен, күндүз, кечинде, макул, каалаган убакта жумуш десек, ал тургай түндө дагы компьютер алдында олтуруу адат болуп калды. Түндө компьютерде олтуруунун зыяны канчалык экенин билесизби?!
Уктар алдында компьютер колдонууга болбойт. Кадимки шартта адам денесинин температурасы күндүз жогору, түндө төмөн болот. Экран жарыгы көз менен нерв системасына терс таасир этип, температураны жогорулатып, уйку бузулат. Бул жагынан компьютерди уктар алдында колдонуу абдан зыян, ошондуктан, эки саат мурун анын өчүрүлүүсүн текшериңиз.
Эркектерде тукумсуздук пайда болуп, сексуалдык активдүүлүгү төмөндөйт. Жыныстык каалоо төмөндөгөн учурда, жубайыңыздын ичиндеги балага да зыянын тийгизиши мүмкүн.
Залалдуу шишик (рак) оорусуна алып келет. Компьютерден чыккан ультранурлар адамдын организминдеги кан айлануу системасына, зат алмашуу процессине терс таасирин тийгизет. Мунун айынан адам залалдуу шишик оорусуна чалдыгышы да ыктымал.
Жүрөк-кан тамыр системасы бузулат. Жүрөк-кан тамыр системасына тийгизген компьютер зыянынын таасири астында жүрөктүн кысылуусу, уйкусуздук, аялдардын ички шайкеш эместиги, жүрөктүн жай согушу, ак кан клеткаларынын азайышы сыяктуу ооруларга алып келет.
Ошондой эле, көрүү жөндөмдүүлүгүн начарлата турганы анык. Узак убакыт электро-магниттик шоола алдында олтуруу көздүн сезгичтигин төмөндөтүп, көрүү күчүн алсырата берет.