Мас эне 7 айлык баласын кайсы жерге таштап кеткенин унутуп калды

12 мая 2019 Мас эне 7 айлык баласын кайсы жерге таштап кеткенин унутуп калды

Казакстандын Чымкент шаарындагы полициясына байланышкан жергиликтүү тургун мас абалында жүрүп кичинекей наристесин жоготуп алганын айткан.

Аялдын сөзүндө, ал наристесин дачада унутуп кеткен болушу мүмкүн. Азыркы учурда Түштүк Казакстан облусунун ички иштер бөлүмүнүн криминалдык полиция кызматкерлери менен Каратоо полициясы 7 айлык баланын кайда экенин аныктоо үчүн бардык издөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат.