Сирия адашып барган аялдар: алар бизге бейишти убада кылышкан. Сүрөт

14 мая 2019 Сирия адашып барган аялдар: алар бизге бейишти убада кылышкан. Сүрөт

“Ислам мамлекетинин” аялдары өлүм, коркуу жана үзүлгөн үмүт жөнүндө

Ишеним жана жаңылуу, ишенчээктик жана жалган, кээде жаштык кездеги жалын от бүткүл дүйнөнүн аялдарын “Ислам мамлекети” убада кылган кооз “халифатка” алып келген. Эми сириянын Багуз шаарындагы согушкерлердин акыркы топтору талкаланып, жихадчылардын “кыздарын” фильтрациялык лагерлерге камап койгон учурда, алар жаңылышканын, көңүлү калгандыгын, өкүнгөндүгүн айтып, үйлөрүнө кайткысы келип жатат.

Көчүрүлгөн лагерлерде азыр жүз миңден ашык согушкерлердин үй-бүлөсү жана алардын тарапташтары жашап жатат. бул жерлерде аялдар өз тартиптерин орнотуп алышкан. Алар өкүнүп, ошол эле учурда өз өмүрлөрү үчүн коркуп жатышат. Болбогон бир халифат үчүн үйлөрүн таштай качкан аялдардын тагдыры мына ошол жерде.

Эң чоң лагерь - Эль-Хасака провинциясындагы Аль-Хол лагери. Аларды АКШ колдогон күрддөр менен арабдардан түзүлгөн “Сириянын демократиялык күчтөрү” контролдойт.

Учурда лагерде 70 миңден ашык адам бар. Дээрлик баары аялдар жана балдар.

Ошол эле учурда Аль-Холдо чет элдиктер үчүн өзүнчө зона бөлүнгөн: аларды сириялыктар менен ирактыктардан бөлүп кармашат. Ал жакта 11 киши жашайт. Алардын ичинде Германия, Индия, канада, Орусия, Тунис, Түркия, Тринидада жана Тобаго, Түштүк Африкадан келгендер бар. Чет өлкөдөн келгендердин бир бөлүгү Рож лагеринде кармалышат.

Сириянын Рож лагериндеги канадалык Кимберли Гвен Полман, апрель 2019-ж.

Текшерүүдөн өтүү үчүн бараткан аялдар

Чет элдиктер кармалган зонадагы аялдар кароолдорго кайрылып жатышат

Аль-Хол лагериндеги Гэйлон Лоусон

Индонезиядан келген Алия уулу Яхья менен Рож лагеринде

Чет элдиктер кармалган зонанын эшигинин алдындагы балдар

Жүк ташуучу унаанын алдына соода-сатык кылуу үчүн келген аялдар. Аль-Хол лагеринлеги базар

Бельгиялык Самира Рож лагеринде

Бельгиялык Самира уулу менен Рож лагерине баратат