Жума сайын секс менен алектенүү мырзалардын өмүрүн узартат

13 мая 2019 Жума сайын секс менен алектенүү мырзалардын өмүрүн узартат

Жумасына жок дегенде бир жолу секс менен алектенүү мырзалардын жашын эки эсе узартат.

Тайвандын илимий кызматкерлери сексуалдык активдүүлүктүн деңгээли эркектердин жашоосуна кандай таасир этерин аныктап көрүшкөн. Белгилүү болгондой, үзгүлтүксүз секс чынында маанилүү: жумасына жок дегенде бир жолу интимдик жакындыкка баруу менен мырзалар узак жашоого болгон мүмкүнчүлүгүн узартат.

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы өлүмгө алып келүүчү инсульттун пайда болуусун 50 пайызга кыскартарын көрсөткөн. Мындан тышкары, диабеттин пайда болуусун 40%га, жүрөк ооруларын 30%га кыскартат. Бирок, эркектер 65 жашка чейин интимдик жашоону токтотпошу керек. Болбосо, жогоруда аталган ооруларды пайда болуп, киши 80 жашка чейин жетпей калышы мүмкүн.

Тайвандык эксперттердин сөзү боюнча, мындай көз карандылыктын себебин гормоналдык фондон издөөгө болот. Эркектердин организминде тестостерон гормону маанилүү роль ойнойт. Эгер ал төмөндөп кетсе, инфаркт, диабет жана инсульт сыяктуу ооруларга алып келет. Секс болсо  органзимге тиешелүү сандагы тестостеронду иштеп чыгат.

Мисалы, аталган көз карандылык эркектерге гана тиешелүү: интимдик жашоо менен өмүрдүн узактыгынын ортосунда аялдарга тиешелүү мыйзам ченемдүүлүктү аныктай алышкан эмес.