10 тыйындык кагаз акча 54 миң эсеге кымбат сатылууда. Себеби

13 мая 2019 10 тыйындык кагаз акча 54 миң эсеге кымбат сатылууда. Себеби

Россиянын "Мешок" интернет-аукционунда Кыргызстандын 10 тыйындык купюрасы сатыкка чыкты.

Акча 1993-жылы басылып чыккан. Баштапкы баасы — 5000 рубль (5 400 сом).

Банкнотанын мынчалык кымбат наркы анын алмаштыруучу сериядан экени менен байланыштуу. Башкача айтканда, бул купюраны жарактан чыккан банкноталарды алмаштыруу үчүн атайын чыгарышкан. Мындан улам алардын катар номери да башка. Акчанын нускасы чектелүү болгондуктан нумизматтар тарабынан жогору бааланып келет.

Sputnik Кыргызстан