Түркияда жабыр тарткан аял койбоолуктук залалдуу шишик менен алмаштырып алышкан дарыгерлерди сотко берди. Бул тууралуу Daily Mirror басылмасы кабарлайт.
2018-жылы 35 жайтагы Серпил Багинин (Serpil Baga) жатынынан залалдуу шишик аныкталып, дарылоого көрсөтмө берилет. Үч айдан кийин аялдагы хорионикалык гонадотропин гормонунун деңгээли жогорулап кетет. Аталган гормон аялдар кош бойлуу учурда иштелип чыгат, ошол эле учурда жатындын рагы жөнүндө дагы кабар берет.
Дарыгерлер аны рак клеткаларынын жайылуусунун белгиси деп, аялга химиотерапия дайындашкан. Текшерүүнүн учурунда анын жатынынан узундугу 12 жана 19 сантиметр болгон эки шишикти аныкташкан. Аларды алып салууну пландап жаткан учурда аялдын боюнан түшөт.
Белгилүү болгондой, аял эгиздер менен кош бойлуу кезинде дарыгерлер аларды шишик деп аныкташат. Бойдлн түшүүгө химиотерапия себеп болот. Аял жана анын жолдошу дарылаган адистерди шалаакылык боюнча жазалоону суранып жатышат.