Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун бир тууган карындашы Курбонби Рахмонова кайтыш болду. Бул туурасында Sputnik Тажикстан агенттиги кабарлады.
21 июля 2021Жалал-Абаддын Сузак районунда сел агызып кеткен алты жашар кыздын сөөгү табылганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
21 июля 2021Ашказан чоюлуп кетпеш үчүн адам катуу нерсени 33 жолу чайнап туруп жутушу керек. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине эндокринолог, медицина илимдеринин кандидаты Зухра Павлова билдирди.
21 июля 2021Кытайлык кыргыз, төкмө акын, ырчы Акматбек Султан уулу мурда билген Кыргызстан менен өзү келип көргөн Кыргызстандын айырмачылыгын айтып берди.
21 июля 2021Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын аймагына өткөн Кичи Памирдеги 345 этникалык кыргыз Афганистандагы туруктуу жашаган жерине кайтарылды деген маалымат боюнча үн катты.
21 июля 2021АКШнын Афганистандан акыркы аскерлерин алып чыгып кетип жатканынан пайдаланып, талибдер өлкөнүн көпчүлүк аймагында бийлигин орнотууда. Мындай кысымдан качкан жай тургундар чет мамлекеттерден баш паанек издеп жатат.
20 июля 2021Баткен облусунун Лейлек районунда катуу жаандан кийин келген селге аккан 16 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
20 июля 2021Оштун Кара-Кулжа районунда карышкыр 17 жаштагы кызга кол салып, андан кийин 35 жаштагы чабан менен алышып, акыры жайлоодогулар жырткычты өлтүргөн
20 июля 2021Аралаш мушташта "Азия аюу" каймана аты менен белгилүү мушкер, Өзбекстандын ММА спортунун вице-президенти Мурод Хантураев жол кырсыгынан көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
19 июля 2021Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы 11-июлда өткөн шаардык кеңештин кайрадан өткөн шайлоосунун жыйынтыгын чыгарды. Шайлодо ат салышкан 18 партиянын алтоо жеңип чыгып, 45 мандат бөлүштүрүлгөн.
19 июля 2021Баткендин Лейлек районуна караштуу Кароол-Дөбө аймагынан Тажикстанга аткезчилик жол менен көмүр алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
19 июля 2021Тажикстандын аймагына өткөн Кичи Памирдеги 345 этникалык кыргыз Афганистандагы туруктуу жашаган жерине кайтарылды. Бул тууралуу тажик ЖМКлары өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча комитетине шилтеме берип жазды.
19 июля 2021Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги күмбөзүнө коюлган түндүк жоголду. Бул тууралуу алып баруучу Ассоль Молдокматова Instagram баракчасы аркылуу билдирген.
19 июля 2021Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кудукта каза болгон жарандардын фактысы боюнча өндүрүштө болгон кырсык катары тергөө жүргүзүлүшү керек. Бул тууралуу Тоо-металлургиялык профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы Элдар Тажибаев билдирди.
16 июля 2021Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) төрагасы Артем Новиковдун атасы Эдуард Новиков каза тапты. Бул тууралуу РКӨФтүн маалымат кызматы кабарлады.
16 июля 2021Ош шаарында жаан-чачынга байланышту таза суу берүү убактылуу токтотулганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
16 июля 2021Түркиялыктарга Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз бергенге катыштыгы бар деп кармалган мурдагы мамлекеттик кызматкер А.Э. Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу ШИИББ кабарлады.
16 июля 2021Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагына караштуу Чарбак айылындагы кудуктан чоң киши менен жаш жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлады.
16 июля 2021United World Wrestling (Бириккен күрөш дүйнөсү) Айсулуу Тыныбекованын Олимпиада оюндарына катышары тууралуу ролик чыгарды. Кыргызстандык балбан кызга арналган тасманы UWW өзүнүн Instagram баракчасына жарыялаган.
16 июля 2021Качкан кыргыздар өздөрү менен бирге кармаган малын да (1000 кой, 300 топоз, 3 төө жана 30 жылкы) айдап өтүшкөн, дей айтылат маалыматта.
15 июля 2021Курман айтка карата намаз аянттарда эмес мечиттерде окулат. Мындай чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам кабыл алынганын муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев кабарлады.
15 июля 2021Москванын Кузьминский соту метронун станциясында массалык мушташка катышкан дагы 42 адамды 15 күнгө камакка алды. Бул тууралуу соттун маалымат кызматына таянып РИА Новости жазды.
15 июля 2021UFC уюмунун экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун EAGLE FC лигасынын Чолпон-Атада өтүүчү мелдешинде кыргызстандык Данияр Бабакулов Константин Веселкин менен таймашат. Атаандаш жуптун постерин аталган уюм социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
15 июля 202119-июлдагы жумуш күнү 24-июлдагы эс алуу (ишемби) күнгө которулат. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
15 июля 2021Саясий партиялар өздөрү партиялык институтту дискредитация кылып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
15 июля 2021Жогорку билими жок жарандар дагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова парламентте билдирди.
15 июля 2021Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жаңы ачылган конференц-холлуна Бишкектеги стационарда ыктыярчы катары иштеп жүрүп көз жумган Адинай Мырзабекованын бюсту орнотулду. Бул тууралуу аталган окуу жайдын маалымат кызматы кабарлады.
14 июля 2021Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Корумду — Балбай жолунун курулушу эки эсе кымбат бааланып жатканын билдирди.
14 июля 2021Вакцинанын экинчи дозасын алчу күндү өткөрүп ийсе эмне болот? Бул суроого анестезиолог, медицина илимдеринин кандидаты Борис Чурадзе жооп берди.
14 июля 2021Сот Москва шаарындагы "Кузьминки" метросунун станциясынын жанынан мушташа кеткен мигранттардын ичинен алты адамды 15 суткага камады. Бул тууралуу РИА Новостиге соттун маалымат катчысы Кристина Каленова билдирген.
14 июля 2021Москва шаарындагы "Кузьминки" метросунун станциясынын жанынан мушташа кеткендердин баары Россиядан депортацияланышы мүмкүн. Бул тууралуу ИИМдин борбор калаа боюнча башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
14 июля 2021Базарларда сабиздин баасы турукташып, арзандай баштады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы кабарлады.
14 июля 2021Москвада массалык мушташ уюштурган чет элдиктер соттун чечими менен Россиядан чыгарылат. Бул тууралуу РФтин Ички иштер министрлигине таянып РИА Новости жазды.
14 июля 20212021-жылы өзгөчө кырдаал тушунда дарынын баасын негизсиз кымбаттаткан төрт фармацевтикалык мекемеге айып салынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
13 июля 2021