COVID: вакцинанын экинчи дозасын убагында албай калса эмне болот? Адистин жообу

14 июля 2021 COVID: вакцинанын экинчи дозасын убагында албай калса эмне болот? Адистин жообу

Вакцинанын экинчи дозасын алчу күндү өткөрүп ийсе эмне болот? Бул суроого анестезиолог, медицина илимдеринин кандидаты Борис Чурадзе жооп берди.

"Кандайдыр бир себептер менен вакцинанын экинчи дозасын белгиленген күндө албай калган учурлар болот. Албетте, андан кийин деле ала берсе болот, ошол эле сапаттагы иммунитет калыптана берет. Бирок колдон келишинче эртерээк эмделген туура. Ал эми адам ооруп калса экинчи дозаны 1-3 жумага жылдыруу керек", — деди дарыгер.

Ошол эле учурда адис жүйөлүү себептер болбогон учурда препараттын экинчи дозасын кечиктербей алуу оң экенин кошумчалады.

Эске салсак, 11-июлдан бери Кыргызстанда Кытайдын эки компоненттүү Sinopharm вакцинасы менен массалык эмдөө жүргүзүлүп жатат. Биринчи доза менен экинчи дозанын аралыгы 21 күн.


sputnik