Суудан кийимдерин табышкан. Көлдө жоголгон турист кызды издөө токтотулду

21 июля 2021 Суудан кийимдерин табышкан. Көлдө жоголгон турист кызды издөө токтотулду

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун аймагында жоголуп кеткен 29 жаштагы К. В. аттуу кызды издөө ата-энесинин айтканынан улам токтотулду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Жоголгон кызды издөөнү токтотууну анын ата-энеси айтып, Россияга кете тургандыктарын билдиришти. Жакындары жана биздин куткаруучулар аны тирүү табууга мүмкүнчүлүк жоктугун түшүнүп турат. Кыз токойдо адашып кетти го деген үмүт бар болчу, бирок ал да акталбай калды", — дешти маалымат кызматынан.

Алар Каракол суусунан изделип жаткан кыздын ботинкасы менен шымы табылганын билдиришти.

"Кийимдерди дарыядан туристтер таап алып, биздин куткаруучуларга беришкен. Аларды ата-энеси кызыныкы экенин тааныды", — дешкен ӨКМден.

Туристтин жоголгону боюнча 15-июлда кабарлашкан. ӨКМ Ак-Суу районундагы Каракол - Ала-Көл жайлоосундагы көпүрөдөн өтүп беш киши отун тергени кетип, ал эми 29 жаштагы кыз көпүрөнүн берки бетинде калып, дайынсыз жоголгонун билдирген. Министрлик кыз мурда айтылгандай Россиянын эмес, Казакстандын жараны экенин тактады. Бирок үй-бүлө Россиядан келгенин, алардын үчөө РФ жараны экенин кошумча билдиришти.

Жоголгон туристти милициянын жана ӨКМдин 100гө чукул кызматкери издеген.


sputnik