Оштун Кара-Кулжа районунда карышкыр 17 жаштагы кызга кол салып, андан кийин 35 жаштагы чабан менен алышып, акыры жайлоодогулар жырткычты өлтүргөн. Бул тууралуу маалыматты Коо-Чаты айылынын башчысы Азат Ашымов тастыктады. Окуя 18-июлга караган түнү Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Коо-Чаты айылынын Карагайчы жайлоосунда болгон.
Ашымовдун айтымында, карышкыр короого үч жолу келген. Жайлоодо ошол маалда эки боз үй жана бир чатыр тигилип турган.
"Жырткыч алгач саат 22:00дө короого бир тийип кетиптир, ал эми түнкү 12:00дө 17 жаштагы кызды тиштеп кол салган. Ошол жердегилер карышкырды кубалап, кызды сактап калышкан. Үчүнчү ирет 02:00дөр чамасында баш бакканда Асыран аттуу 35 жаштагы киши кадимкидей кармашкан. Ал жигит өзү палван (күчтүү, балбан — ред.) эле, бир топко чейин алышкан. Сырттагы ызы-чууну уккан кишилер чуркап чыгып, карышкырды өлтүрүшкөн. Куралдары жок экен, таяк менен чапкылап, муунтуп өлтүрүшкөн", — деп билдирди айыл башчы.
Жабыркаган кыз менен киши ооруканага жеткирилген. Айыл башчы экөөнүн абалы туруктуу экенин жана жаракаты жеңил болгонун кошумчалады. Ал эми карышкырдын башы кутурма оорусунун бар-жогун аныктоо үчүн экспертизага жиберилген.