Айтматовдун күмбөзүндөгү түндүк жоголдубу? Министрлик түшүндүрмө берди

19 июля 2021 Айтматовдун күмбөзүндөгү түндүк жоголдубу? Министрлик түшүндүрмө берди

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги күмбөзүнө коюлган түндүк жоголду. Бул тууралуу алып баруучу Ассоль Молдокматова Instagram баракчасы аркылуу билдирген.

Алып баруучунун айтымында, түндүктүн жок болуп калганы тууралуу жазуучунун улуу Аскар Айтматов кабарлаган.

ВИДЕО

"Ал (ред. - Аскар Айтматов) күмбөздүн архитектурасын өз ишин мыкты билген адистер менен ойлоп чыккан. Бардыгы Аскар Чыңгызовичтин жеке каражатына жасалган. Ал атасынын күмбөзүн аярлап карайт. Мунун артында ким турат? Эч кимге айтпай түндүктү чыгарып кетишкен. Мындай учурларды алгач уулу менен кеңешип алыш керек эле. Ким алса да кечирим сурап, тезирээк оңдоп, түндүктү ордуна коюшу шарт!" — деген ал.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги түндүк уурдалбаганын айтып, учурда "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде пландык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканын билдирген.

"Айрымдар такталбаган маалыматтарга таянуу менен коомчулукта Чыңгыз Айтматовдун көрүстөнүндөгү түндүк "белгисиз адамдар тарабынан алынган" деген пикир жаратуу аракетин көрүүдө. Мындай маалымат толугу менен чындыкка дал келбейт. Буга чейин коомчулукта мемориалдык комплекстеги жерде жаткан түндүктөр боюнча кайчы пикирлер айтылып, жакшы эмес жышаан катары кабыл алгандар арбын болгон. Улуттун улуу символикасын бийик көтөрүү максатында атайын топ бул маселе боюнча иш алып барып жатат. Азыркы тапта комплекске жаңы көрүнүш берүү концепциясы талкууланып жатат", — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Маданият министрлиги Айтматовдун көрүстөнүнүн таштары жаңыртылып, толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатканын кошумчалады. Ошондой эле мемориалдык комплекс 24 саат бою атайын күзөт тарабынан күчөтүлгөн тартипте кайтарыларын эскертип, популисттик аракеттен алыс болууга чакырган.

Белгилей кетсек, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сөөгү "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине атасы, мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун эстелигинин жанына коюлган.


sputnik