Москванын Кузьминский соту метронун станциясында массалык мушташка катышкан дагы 42 адамды 15 күнгө камакка алды. Бул тууралуу соттун маалымат кызматына таянып РИА Новости жазды.
Окуя 12-июлда кечинде катталып, массалык кармоолор болгон. Россиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 102 мигрантты депортациялоо пландалууда.
Кечээ мыйзам бузган алты мигрант 15 күндүк камакка алынган. Алардын баарына жүргүнчүлөргө жана транспорт каражаттарынын кыймылына тоскоолдук жараткан санкцияланбаган митинг жана жүрүштөрдү уюштурган деген айып тагылды.
"200дөй адам катышкан иш-чара улуттар аралык тирешүүнүн негизинде болгон", — деп айтылат соттун маалыматында.
Массалык мушташта мигранттар жолго чуркап чыгышкан. Муну менен алар автоунаалардын жана коомдук транспорттун, жүргүнчүлөрдүн кыймылына тоскоолдук жараткан.
Мигранттарды Россиянын аймагынан сыртка чыгаруу маселеси боюнча сот азырынча чечим чыгара элек.