Кытайлык кыргыз, төкмө акын, ырчы Акматбек Султан уулу мурда билген Кыргызстан менен өзү келип көргөн Кыргызстандын айырмачылыгын айтып берди.
Мен Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу автономиялык облусунда жайгашкан Улуу-Чат районунан болом. Биздин Ак-Секи деген жайлообуз Чатыр-Көлдүн аркы бетинде жайгашкан. Бала кезимде ал жерде кой кайтарып жүрүп көлдү, ал жердеги Арпанын Ала-Тоосун көрүп ушул жакка өтө турган күн бар бекен деп дегдечүмүн. Бул тууралуу Акматбек Султан уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде айтып берди.
Акын Кыргызстанда кедей жашагандын өзү өмүргө, табиятка кылган кыянатчылык дейт.
"2014-жылы окуганы Кыргызстанга келип калдым. Келгенде эле жетекчилерди аябай шыбап, жамандай беришкенин байкадым. Мен эмне эле минте беришет деп түшүнчү эмесмин. Кыргыз болгондон кийин бири-бирибизди колдобойбузбу, кыргыздарды кыргыздар башкарса жакшы да дечү элем. Бирок чындыгында жамандагандай эле бар экен. Мен эми гана түшүнүп отурам. Жетекчилер мамлекетке күйбөптүр. Азыр чоң кызматта иштеген адамдардын үйлөрүнө барып жүрөбүз. Алардын үйү филармониядан жакшыраак десем аша чапкандык болбойт. Биз СССРден калган эски маданий борборлорду кайрадан сырдап, жамап-жаскап урунуп келе жатабыз. Менин жүрөгүмдү оорутканы — көп адамдардын улуттук амбициясы, максаты жок экен. Чыңгыз Айтматовдун "Эгемендүү мамлекет болдук. Эми бизде зор милдет бар. Дүйнөлүк эл менен атаандашып, улуу жарышта чаңгырап калбай, алдыга чыгышыбыз керек" деген жакшы сөзү бар. Андай болуш үчүн акылдуусуна жол берип, башчысы бир, кошчусу миң болгондо заман өнүгөт. Андан тышкары, биздин калк өтө жалкоо экенин байкадым. Негизи Кыргызстанда кедей жашагандын өзү өмүргө, табиятка кылган кыянатчылык. Себеби жерибиздин таза суусу, куурай сайсаң гүлдөп калчудай күрдүү кара топурагы бар. Алсак, кытай эли эмгек жана улуу максатка бирдей умтулганы үчүн өнүгүп жатат. Булардан үлгү алсак туура болчудай", — деди Султан уулу.
Акын кыргызстандыктар той-аш, шапар тепкенди азайтып, убакытты туура, натыйжалуу пайдаланууну үйрөнүшү керектигин кошумчалады.
Толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр: