Талиптерден качкан этникалык кыргыздар Афганистандан Тажикстанга өтүштү
15 июля 2021
Афганистанда Талибан кыймылы менен өкмөттүк аскерлердин ортосунда кандуу кагылыш жүрүп жатат. Ушул кагылыштан улам этникалык кыргыздар тынч жашоо үчүн Тажикстанга качып өтүшкөн, деп кабарлайт казакстандын Stan.kz маалымат агенттиги.
Афганистандын Бадахшан провинциясына караштуу Андемин кыштагынын 77 тургуну (26 эркек, 20 аял, 31 бала) учурдагы абалдан кооптонуп, Мургаб районунун кызыл-Кабот айылына жер которушкан.
Качкан кыргыздар өздөрү менен бирге кармаган малын да (1000 кой, 300 топоз, 3 төө жана 30 жылкы) айдап өтүшкөн, дей айтылат маалыматта.