Олимпиаданын ачылышында Кыргызстандын туусун Кубанычбекова көтөрүп өтмөй болду

21 июля 2021 Олимпиаданын ачылышында Кыргызстандын туусун Кубанычбекова көтөрүп өтмөй болду

Токио Олимпиадасынын ачылыш салтанатында өлкөнүн туусун курама команданын капитаны Атабек Азисбеков эмес, ок атуу боюнча чебер Каныкей Кубанычбекова көтөрүп өтөт. Бул тууралуу маалыматты Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Буга чейин парадда тууну Кыргызстандан Олимпиадага алгачкы жолу лицензия алган спортчу, грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбеков көтөрүп өтө турганы маалым болгон.

"Атлеттер Токиодогу оюнга ар кайсы убакта учуп жатышат. Биринчи үч спортчу — фехтование боюнча Роман Петров, ок атуу боюнча Каныкей Кубанычбекова жана суучул Денис Петрашов барган. Ошондуктан тууну Каныкей Кубанычбекова алып чыкмай болду", — деп билдирди агенттик.

Эске салсак, жайкы Олимпиада оюндары 23-июлда башталып, 8-августта жыйынтыкталат. Кыргызстандык спортчулар 16 жолдомо алган.


sputnik