Медакадемияда каргашалуу июлда көз жумган ыктыярчы Адинайдын бюсту орнотулду

14 июля 2021 Медакадемияда каргашалуу июлда көз жумган ыктыярчы Адинайдын бюсту орнотулду

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жаңы ачылган конференц-холлуна Бишкектеги стационарда ыктыярчы катары иштеп жүрүп көз жумган Адинай Мырзабекованын бюсту орнотулду. Бул тууралуу аталган окуу жайдын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, бюсттун ачылыш аземине окуу жайдын ректору Индира Кудайбергенова, ЖОЖдун кызматкерлери жана Адинайдын жакындары, курсташтары катышкан.

"Колодон даярдалган эстеликти Адинайдын курсташтары, окуу жайды 2021-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөрү коюшкан", — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ыктыярчы-медик Адинай Мырзабекова 2020-жылы 13-июль күнү Бишкектеги стационарлардын биринде жумуш учурунда көз жумган. Ал болгону 21 жашта болчу.

Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин адистер Адинайдын сөөгүн ачып көрүшкөнүн, ал пневмониядан көз жумганын кабарлашкан. 


sputnik