ТИМ Тажикстандын этникалык кыргыздарды Афганистанга кайтарышы боюнча үн катты

21 июля 2021 ТИМ Тажикстандын этникалык кыргыздарды Афганистанга кайтарышы боюнча үн катты

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын аймагына өткөн Кичи Памирдеги 345 этникалык кыргыз Афганистандагы туруктуу жашаган жерине кайтарылды деген маалымат боюнча үн катты.

Буга чейин Афганистанда жашаган 347 этникалык кыргыз талибдерден качып Тажикстандын аймагына киргени маалым болгон. Чек араны кесип өтүүдө эки наристе чарчап калган. Тажик тараптын Улуттук коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча, Афганистандын өкмөтү этникалык кыргыздардын жеке коопсуздугуна кепилдик бергенден кийин 17-18-июль күндөрү артка кайтарылган. Алар Вахон уездинин Андемин аймагына төрт миң малы жана автоунаалары менен кайтышкан.

"13-июлда Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине афган кыргыздарын кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрүү пункттарынан тоскоолдуксуз өткөрүүгө көмөктөшүү өтүнүчү менен нота жөнөтүлгөн. 14-16-июль күндөрү Душанбе менен Ташкентте өткөн көп тараптуу тышкы саясий иш-чараларда кыргыз тараптын тынчсыздануулары жана тиешелүү өтүнүчтөрү айтылган", — деп жазылган ТИМдин маалыматында.

12-июлда кыргыз тарап афган-тажик чек арасынан өткөн этникалык кыргыздардын кайрылуусунун негизинде Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарлыгынын аймактык өкүлчүлүгүнө сурам жөнөткөнү белгиленет. Кеп этникалык кыргыздарды Тажикстандан Кыргызстанга эвакуациялоону уюштурууга көмөк көрсөтүү жөнүндө болгон.

"16-июлда кыргыз тараптын демилгеси менен ТИМде Тажикстандын элчиси менен жолугушуу болуп, анда Кыргызстан Афганистандагы бардык кыргыздарды кабыл алууга даяр экенин дагы бир ирет тастыктап, аларды өткөрүүгө көмөкмөшүүнү суранган. Ошондой эле эвакуация маселелерин иштеп чыгуу үчүн кыргызстандык адистерге этникалык кыргыздар менен байланышуусуна мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү суранган", — деп айтылат билдирүүдө.

ТИМ Кыргызстандын расмий кайрылуулары жоопсуз калганын жана Памир кыргыздарынын Афганистандагы коопсуздугу кепилдегени тууралуу маалыматтар да келбегенин кошумчалады.


sputnik