Былтыр өлкөдө товарлар менен кызмат көрсөтүү 10%га кымбаттады

15 января 2021 Былтыр өлкөдө товарлар менен кызмат көрсөтүү 10%га кымбаттады

Өлкөдө күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн баасы жылдын акыркы айларында кымбаттап кетти. Өзгөчө өсүмдүк майы, кумшекер жана картошканын наркы көтөрүлдү.

Улуттук статистика комитети өлкө боюнча 2020-жылы товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр 9,7 пайызга кымбаттаганын билдирди.

Кымбаттоолор:

азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктар — 17,6 пайыз;

алкоголдук ичимдиктер жана тамеки — 6,7 пайыз;

калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери – 3 пайыз;

азык-түлүк эмес товарлар — 2,4 пайыз.

Белгилей кетсек, быйылкы жылдын январь-декабрь айларында экспорттун көлөмү 1,7 пайызга көбөйсө, ал эми импорт, тескерисинче, 27,3 пайызга кыскарган.

Эске салсак, Кыргызстанда күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн баасы декабрдан тарта байкаларлык кымбаттады. Ал эми өкмөт баанын өсүшүн токтотууга алы жетпей жаткандыгын айткан.

sputnik