ЕАЭБ алкагында Кыргызстан 15 миллиарддан ашык кыйыр салык чогултту

15 мая 2024 ЕАЭБ алкагында Кыргызстан 15 миллиарддан ашык кыйыр салык чогултту

Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 960,3 миллион сомго көп, өсүш 6,7 пайызды түзөт.

 Салык кызматы 4 айда ЕАЭБ алкагында 15 миллиард сомдон ашык импорттук кыйыр салыктарды (КНС) чогултту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 960,3 миллион сомго көп, өсүш 6,7 пайызды түздү.

"КНСтен 12 миллиард 259,5 миллион сом жана импорттук акцизден 3 миллиард 115,1 миллион сом түшкөн", — деп айтылат маалыматта.

ЕАЭБ алкагында кыйыр импорттук салыктарды башкарууну жакшыртуу үчүн электрондук коштомо кагаз, "Жыйынды пост", "Ички пост" жана "Контрабанданы контролдоо" маалыматтык системалары киргизилүүдө. Ошондой эле импорттоочуларга салык органдарына отчетторду жана арыздарды жөнөтүү боюнча онлайн-сервистер жеткиликтүү.

Мындан тышкары, республикада товарларды эсепке алуу боюнча 27 пункт жана 3 ички пост иштейт.