Путин Коопсуздук кеңешин КМШ өлкөлөрү менен мамилеге көңүл бурууга чакырды

18 мая 2024 Путин Коопсуздук кеңешин КМШ өлкөлөрү менен мамилеге көңүл бурууга чакырды

Жыйынга Коопсуздук кеңешинин жаңы катчысы Сергей Шойгу жана мурдагы башчысы Николай Патрушев катышкан.

 Россия КМШ өлкөлөрү менен мамилеге көбүрөөк көңүл бурушу керек. Бул тууралуу президент Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен болгон ыкчам жыйында билдирди.

"Тышкы чөйрөдө биз үчүн приоритеттүү тема — жакын коңшуларыбыз — көз карандысыз мамлекеттер менен алака түзүү. Финансы министри менен Россиянын жаңы саясий циклинде буга дагы көбүрөөк көңүл буруш керектигине токтолдук", — деген Путин.

Жыйынга Коопсуздук кеңешинин жаңы катчысы Сергей Шойгу жана мурдагы башчысы Николай Патрушев катышкан.