Сыдыков: нотариалдык иш-аракеттер эми онлайн аткарыла баштайт

18 мая 2024

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар электрондук кол тамга аркылуу нотариустун кызматын ала аларын айтты.

"Электрондук нотариат 2.0" бирдиктүү маалыматтык системасынын алкагында нотариалдык иш-аракеттер эми онлайн аткарыла баштайт. Бул тууралуу Орозбек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда онлайн нотариалдык кызмат көрсөтүүнүн механизмдери, эрежелери иштелип жатат.

"Нотариалдык тутумду реформалоонун алкагында "Электрондук нотариат 2.0" бирдиктүү маалыматтык системасы 1-февралдан тарта иштеп жатат. Анын алкагында дагы алдыда иш пландары мерчемделген. Алсак, нотариалдык иш-аракеттерди аралыктан жана онлайн аткаруу иши бар. Мындан ары чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар электрондук кол тамга аркылуу нотариустун кызматын ала алышат. Учурда онлайн нотариалдык кызмат көрсөтүүнүн механизмдери, эрежелери IТ-адистер менен биргеликте иштелип жатат. Анын коопсуздугу, ыңгайлуулугу, жеткиликтүүлүгү сөзсүз эске алынат. Бул боюнча маалыматтык кампания уюштурулат", — деди Сыдыков.

Ошондой эле ал аймактарда иштей турган нотариустарга лицензия берүү жеңилдетилсе, жеке нотариустардын санын көбөйтүүгө жана мамлекеттик нотариустардын жүгүн азайтууга мүмкүн болорун кошумчалады.