Кыргызстан 2,1 тоннадан ашык алтын сатты. Кайсы өлкөлөр алган?

18 мая 2024 Кыргызстан 2,1 тоннадан ашык алтын сатты. Кайсы өлкөлөр алган?

Улуттук статистика комитети биринчи кварталдагы алтын экспорту боюнча маалыматты жарыялаган.

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Кыргызстандан жалпы баасы 139,7 миллион долларга 2 тонна 110,5 килограмм алтын экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Сатып алган өлкөлөр:

Гонконг (Кытай Эл Республикасынын өзгөчө административдик аймагы) - 1 тонна 126,5 килограмм;

Швейцария - дээрлик 971,5 кг;

БАЭ - 12,5 килограммдан ашык.

Талдоо көргөзгөндөй, мартта болжол менен 467 килограмм алтын Гонконгго жана БАЭге сатылган. Бул маалыматтар болжолдуу болуп саналат.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын алгачкы эки айында алтын экспорттолбой, март айында гана сатыла баштаган. Бирок былтыр 20,2 тоннадан ашык баалуу металл чет өлкөлөргө сатылган.