Эксперт: азербайжандык туристтер Кыргызстанга келүүгө кызыкдар

17 мая 2024 Эксперт: азербайжандык туристтер Кыргызстанга келүүгө кызыкдар

Азербайжандык туристтер Кыргызстанга келүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Stem аналитикалык борборунун директору Орхан Елчуев (Азербайжан) билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборундагы "Бишкек менен Бакунун жакындашуусу эмнеге алып келиши мүмкүн?" деген аталыштагы видеокөпүрөгө катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө азербайжандыктар Ысык-Көлдө эс алууга кызыкдарбы деген суроо узатылган.

"Кызыктуу деп эсептейм. Кыргызстан туристтик жайларга бай. Бул — Борбордук Азиядагы дарыялары, көлдөрү жана тоолуу ландшафты бар кооз өлкөлөрдүн бири", — деди Елчуев.

Ал Кыргызстан президентинин Азербайжанга болгон сапарында Бишкек менен Бакунун ортосундагы каттамдарды көбөйтүү маселеси талкууланганын белгиледи. Ошондой эле эксперт Азербайжан тарабынан Ысык-Көлдүн жээгине пландалган беш жылдыздуу мейманкана куруу туризм тармагында байланыштарды өнүктүрүүгө түрткү берет деп эсептейт.