Кыргызстанда 73 адам бир миллион сомдон төлөп активдерин мыйзамдаштырды

16 мая 2024 Кыргызстанда 73 адам бир миллион сомдон төлөп активдерин мыйзамдаштырды

Эгер баасы 100 миллион сомдон төмөн болгон мүлк мыйзамдаштырылса, анда эч нерсе төлөнбөйт.

73 адам мүлкүн мыйзамдаштырды. Алардын ар биринин мүлкү 100 миллион сомдон ашат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын жетекчиси Кубанычбек Ысабеков билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Кыргызстанда миллиондогон долларлык активдерди мыйзамдаштыруу кандай жүрүп жатат?" аттуу брифингге катышты.

Адис эгер баасы 100 миллион сомдон төмөн болгон мүлк мыйзамдаштырылса, анда эч нерсе төлөнбөй турганын эске салды. Ал эми бул чектен ашкан активдер жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда бир миллион сом өлчөмүндө белгиленген төлөмдү төлөш керек болот.

Ысабеков белгилегендей, Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, мыйзамдаштыруу үчүн 3 716 адам атайын декларация тапшырган.

"Ал эми 73 жаран бир миллион сомдон төлөп атайын декларация тапшырды. Муну менен алар 100 миллион сомдон ашык суммадагы мүлкүн жана кирешесин мыйзамдаштырды", — деп айтылат маалыматта.