![Салык кызматы: Казакстанга экспорттолчу бут кийимди 1-июнга чейин маркалоо зарыл](https://sputnik.kg/img/07e8/05/0b/1085021525_67:91:2562:1495_1920x0_80_0_0_6271ceb7df867b6185108745662822db.jpg.webp)
Казакстанда бут кийим товарларын маркалоо жана көзөмөлдөө эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилген.
Бут кийим өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулар продукцияны Казакстанга ташып келгенге чейин же бажы жол-жоболоруна киргизгенге чейин маркаланышы керек. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Казакстанда бут кийим товарларын маркалоо жана көзөмөлдөө эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, товар калдыктарын маркалоо 1-июнга чейин жүргүзүлөт.
"Казакстанда бут кийим товарларын маркалоонун жана байкоо жүргүзүүнүн жаңы эрежелерине ылайык, идентификациялоо каражаттары менен маркаланбаган бут кийим товарларын жана алардын калдыктарын жүгүртүүгө жана жүгүртүүдөн чыгарууга жол берилбейт", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле 1-июнга чейин продукцияны маркалоо аларды импорттоочунун кампаларында ички керектөө же реимпорт үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна жайгаштыргандан кийин жүргүзүлүшү мүмкүн экени кошумчаланды.