Кыймылсыз мүлктү алып-сатуудан пайда түшсө киреше салыгы чегерилиши ыктымал

18 мая 2024 Кыймылсыз мүлктү алып-сатуудан пайда түшсө киреше салыгы чегерилиши ыктымал

Сатып алынган кыймылсыз мүлк белгиленген убакыттын ичинде сатылып, андан пайда түшсө киреше салыгын төлөө зарыл.

Кыймылсыз мүлк соңку алты жылда пайда кошулуп сатылса фискалдык орган киреше салыгын жана туум чегерүүгө укуктуу. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын жетекчиси Кубанычбек Ысабеков билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн "Кыргызстанда миллиондогон долларлык активдерди мыйзамдаштыруу кандай жүрүп жатат?" аттуу брифингге катышты.

Эске салсак, Экономика жана коммерция министрлиги 9-июнга чейин пландалган активдерди мыйзамдаштыруу кампаниясын жыл соңуна чейин узартууну сунуштаган.

Негизги учурлар:

2023-жылдын апрелине чейинки Салык кодексинде жарандар кыймылсыз мүлктү сатып алып, андан кийин 2 жылдын ичинде пайда көрүү менен сатса, анда бул айырмадан киреше салыгын (10 пайыз) төлөшү керек деп жазылган. Өткөн жылы Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, мөөнөтү эки жылдан бир жылга кыскарган. Мамлекеттик салык кызматы жарандардын акыркы 6 жылдагы операциялары боюнча салыктык милдеттенмелерин аныктоого жана кошумча эсептөөгө укуктуу (бул доонун эскирүү мөөнөтү);

Мамлекеттик салык кызматы жана Кадастр маалымат системалары интеграцияланган. Демек, кыймылсыз мүлкүн сатып жибергендерге салык чегерилиши ыктымал. Бул учурда туум төлөнүп калышы ыктымал;

1-июлга чейин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр менен операцияларды текшерүүгө мораторий киргизилген. Андыктан легалдаштыруу өнөктүгүнөн пайдаланууга жетишип калуу керек.

Мамлекеттик салык кызматынын бирдиктүү салык декларациясын талдоо бөлүмүнүн башчысы Эдил Исраилов сандар менен мисал келтирди. Эгерде турак жай 30 сомго сатып алынып, белгиленген мөөнөткө жетпей 40 сомго сатылса, анда пайда 10 сомду түзөт. Дал ушул суммадан 10 пайыз киреше салыгын, башкача айтканда, бир сом төлөш керек.

"Бул кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү алып сатууга тиешелүү", — деп кошумчалады ал.